07

Июнь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: «КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынтыгы биздин өлкөлөрдүн келечектеги өз ара алакасын жакшыртууга жол ачат»

“КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынтыгы курамга кирген мамлекеттер арасында мындан аркы конструктивдүү пикир алмашууга жана өлкөлөрдөгү  эң негизги  актуалдуу маселелерди чечүүгө негиз болоруна ишенем”, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-июнда КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчылар кеңешинин соңунда өткөн брифингде.

“Жыйын өз ара конструктивдүү багытта өттү. Уюмдун алкагында кызматташтык кеңири багытты, алсак, экономика, өндүрүш, инновация, билим берүү, энергетика жана саламаттыкты сактоо тармактарын камтыды.

Жыйындын күн тартибиндеги каралган маселелердин негизги бөлүгү мындан аркы гуманитардык кызматташууларга  багытталды. Эркин соода жүгүртүү, онкологиялык ооруларга каршы концептуалдык документтер жана кант диабетин дарылоо боюнча Мамлекеттер аралык протокол кабыл алынып, бир нече келишимдер түзүлдү”, - деди Өкмөт башчы.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жыйында КМШ өлкөлөрү арасында азыркы актуалдуу маселелерди оптимизациялоо жана аларды заман талабына шайкеш келтирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

«Бүгүнкү күндө аталган маселе боюнча белгилүү жыйынтыктар бар: аймактык мамлекет аралык уюм катары КМШны сактоо зарылдыгы аныкталган, Мамлекет башчылар жана Өкмөт башчылар кеңешинин күн тартибин “жеңилдетүү” боюнча жалпы түшүнүшүү орун алып, КМШ органдарынын жана КМШ Аткаруу комитетинин ишинин айрым маселелери боюнча сунуштар иштелип чыгып, ошондой эле КМШнын келишимдик-укуктук базасын инвентаризациялоо боюнча пландар коюлууда», — деди Премьер-министр.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргыз Республикасы үчүн өлкөнүн көзкарандысыздыкка ээ болуусуна 25-жыл толушу менен катар КМШ үчүн юбилейлик жылы – анын түзүлгөндүгүнө 25 жыл толгон учурда Шериктештикке төрагалык кылуу боюнча жоопкерчиликтүү ардактуу милдет тагылды.

«Бишкекте 2016-жылдын 16-сентябрында өтүүчү КМШ юбилейлик саммити – маанилүү иш-чаралардан болуп саналат, анын алкагында мамлекет  башчыларынын юбилейлик билдирүүсүн кабыл алуу пландаштырылууда», — деп жыйынтыктады Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү