27
Май
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн динамикалуу өнүгүүсүнүн негизги фактору – экономиканын перспективалык багыттарын техникалык кайра жабдуу жана жогорку технологияларды
«Дүйнө өтө тездик менен өзгөрүп жаткан шартта ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн динамикалуу өнүгүүсүнүн негизги фактору – экономиканын перспективалык багыттарын техникалык кайра жабдуу жана жогорку технологияларды ишке киргизүү болуп саналат», - деп билдирди Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешини төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-майда, Россия Федерациясындагы Татарстан Республикасынын Казань шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешини кезектеги жыйынында.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, дүйнөлүк каатчылыкта ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн экономикалык туруктуулугу приоритетттүү тармактардын активдүүлүгүнөн, жаңы технологияларды ишке киргизүү, ошондой эле мобилдүү башкаруудан түздөн-түз көз каранды.
«Санариптик трансформациялоо зарыл. Кыргызстанда өлкө Президенти Алмазбек Аамбаевдин демилгеси менен 2040-жылга чейин Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясы иштелип чыгууда. Стратегянын маанилүү бөлүктөрүнүн бири болуп жогорку технологиялуу «Таза-Коом» долбоору саналат, бул өлкөлөрдү санариптик экономикага трансформациялоодогу негизги маселелерди чечүүгө багытталат.
Өкмөт башчы белгилегендей, мындай стратегия Биримдиктин интеграциялык өнүгүүсүндө узак мөөнөттүү перспектива болууга, экономикалык жактан динамикалуу өнүгүүгө, инвестоорлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, жыйынтыгында жарандардын жашоосу үчүн ыңгайлуулук жаратууга жардам берет.
Премьер-министр экономиканы өнүктүрүүнүн жана бизнеске жагымдуу шарт түзүүнүн негизги фактору, бул ЕврАзЭС мамлекеттеринде жана үчүнчү өлкөлөр ортосунда экспорттун көлөмүн көбөйтүү экенине басым жасады.
Экономиканын приоритеттүү тармактарында биргелешип өнүгүүдө Премьер-министри биринчи кезекте айыл чарба тармагын атады.
«Биз ЕврАзЭС алкагында товар өндүрүүчүлөрдөн баштап сатып алуучуларга чейин айыл чарба тармагын эффективдүү өнүктүрүүгө биргелешип кириштик. Муну менен катар биздин өлкөлөрдө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда баарынан мурда агроөнөр жай тармагындагы продукциялардын атаандаштыкка туруштук берүү боюнча айыл чарба тармагында инновацияларды кабыл алуу баарынан актуалдуу болуп турат», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Буга байланыштуу айыл чарба өнөр жай тармагын инновациялык өнүктүрүү боюнча Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ЕврАзЭС ишиндеги илимий изилдөө биргелешкен уюмунун тартиби болгон, илимий дараметти колдонуу механизмин аныктоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Кыргыз Республикасы биргелешкен илимий жыйындарды өткөрүүнү жана суу чарбасында техникалык жана маалыматтык камсыз кылуу, генндик инженерия тармагында биргелешкен илимий илиздөөлөрдү уюштурууну колдойт», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков керектүү каражаттарды тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган өлкөнүн инвестициялык шартын жакшыртууга жана улуттук масштабда максаттуу долбоорлор боюнча иштер улантыларына басым жасады.
[su_carousel source="media: 95724,95725,95726" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү