03

Февраль

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө жана экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшүнө 6% жылдык үстөгү менен насыя берилет

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө жана экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшүнө 6% жылдык үстөгү менен насыя берилет. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Айыл чарбасын каржылоо - 5» долбоорун талкуулоо боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, мурдараак «Айыл чарбасын каржылоо - 4» долбоорунун алкагында айыл чарба жаатында алектенген ишкерлер үчүн пайыздык үстөктүн өлчөмү 10% түзгөн. Мында берилчү насыянын негизги 80% көлөмү мал-чарбачылыгына туура келген, ошо эле учурда айыл чарба тармагын насыялоого болгону каражаттын 10% багытталган.

«Учурда Өкмөт кайра иштетилүүчү жана экспорттуу өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү айыл чарба продукциясынын көлөмүн жогорулатуу милдетин коюуда», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей, «Айыл чарбасын каржылоо - 5» жаңы программасынын алкагында айыл чарба продукциясынын толук кандуу экспортко чыгуусун жана аны кайра иштетилүүсүн камсыздоо үчүн тийиштүү инфраструктура түзгөн айыл чарба субьектилерин колдоо максатында айыл чарбасынын айрым тармактары үчүн пайыздык үстөк көлөмүн кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

«Алгач айыл чарба продукциясын тереңдеп кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду насыялоону ишке ашыруу зарыл», - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, аталган долбоор аркылуу мамлекет тараптан айыл чарбасынын үч тармагына – мал-чарбачылык, өсүмдүк өстүрүү жана кайра иштетүү өнөр жайына субсидия түрүндө колдоо көрсөтүү каралууда.

Анын маалыматына ылайык, 2013-жылдан бери, айыл чарбасын каржылоо долбоорун ишке ашыруудан тарта 53590 субъектиге жалпы суммасы 17,1 млрд сом көлөмүндө насыя берилген.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча, мал чарбачылыгына насыя – 18 айга 10% үстөк менен, өсүмдүк өстүрүүгө – 24 айга 10% үстөк, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө 36 айга 6 % үстөк менен берүү чечими кабыл алынды.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнебков жеңилдетилген насыялоо көлөмүн жогорулатуу Өкмөт үчүн артыкчылыктуу багыт экендигин белгилөө менен катар Финансы министрлигине 2017-жылы насыялоонун жалпы көлөмүн 7 млрд сомго дейре камсыздоо үчүн «Айыл чарбасын каржылоо - 5» долбоору боюнча коммерциялык банктардын пайыздык үстөгүн субсидиялоо үчүн кошумча каражат кароону тапшырды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте «Айыл чарбасын каржылоо - 5» долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарды тийиштүү кредиттик ресурстар менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

[su_carousel source="media: 89386,89385,89384,89383,89382,89381,89380" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89380,89381,89382,89383,89384,89385,89386"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү