07

Март

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз тарап Евразия экономикалык биримдигинин 2025-жылга чейинки технологиялык күн тартибинин түптөлүшүн колдоого алат

«Дүйнөлүк экономиканын жана эл аралык сооданын өнүгүшүнө маалыматтык-коммуникациялык технологиянын таасирдүүлүгү артууда. Кыргыз тарап Евразия экономикалык биримдигинин 2025-жылга чейинки технологиялык күн тартибинин түптөлүшүн колдоого алат», - деди бүгүн, 7-мартта, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Бишкекте өтүп жаткан Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында.

Өкмөт башчы белгилегендей, санариптик технология биримдикке кирген өлкөлөр арасында интеграциялык процесстин түзүүчүсү гана эмес, глобалдык санариптик трансформацияда ири масштабдуу өлкөлөр аралык байланыш болуп саналат.

«Технологиялык күн тартип – бул тренд гана болбостон, өндүрүш жана башкаруу процесстерин оптималдаштырууда, убакытты кыскартууда жана бюрократияны жоюп, чек араларды кеңейтүүдөгү негизги муктаждык. Маалыматтык технология экономиканын бардык тармактарын өнүктүрүүдөгү маанилүү фактор болуп эсептелет. Буга байланыштуу Евразия экономикалык биримдигинин 2025-жылга чейинки технологиялык күн тартибиндеги негизги багыттарды иштеп чыгууну тездетүүнү сунуштайбыз», - деди Сооронбай Жээнбеков.

«Бүгүн тар чөйрөдөгү биздин жолугушуубузда күн тартибиндеги негизги маселелер каралды. Жогорку Евразия экономикалык биримдигиинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президенти өзүнүн билдирүүсүндө Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекет башчыларына  2017-жылды Евразия мейкининде бизнести өнүктүрүүгө мыкты шарттарды түзүүгө жана биримдиктин 2017-жылдагы негизги тармактарына басым жасоону сунуштаган. Тактап айтканда негизги маселелердин ичинде инвестициялык саясатты активдештирүү, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү үй-бүлөлөрдө эмгектенген жарандарды пенсиялык төлөмдөр менен камсыздоо тууралуу  кол коюлган келишим, санариптик мейкиндиктин түптөлүшү тууралуу стратегия кабыл алуу, өндүрүш тармагындагы негизги кызматташууларды ишке ашыруу, ЕАЭБ рыногундагы тейлөөлөрдү либералдаштыруу, ЕАЭБ кирген мамлекеттердин координацияланган траснпорттук саясат жаатындагы негизги багыттарын ишке ашыруу, Биримдиктин жалпы финансылык рыногундагы концепциясынын түптөлүшүн иштеп чыгуу», - деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчысы аталган багыттарды ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте ырааттуу жумуш жана ага кызыгуу менен мамиле жасоо керектигин баса белгиледи. Бул максатта Жогорку ЕАЭБ кеңешинин төрагасынын ЕАЭБ мамлекет башчыларына билдирүүсүндө көрсөтүлгөндөй, Евразия экономикалык комиссиясына ага мүчө мамлекеттердин Өкмөттөрү менен биргеликте кыска убакыт аралыгында демилгелерди ишке ашыруу үчүн иш чаралардын планын иштеп чыгуу сунушталат.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстан ЕАЭБ органдары тарабынан процедураларды кыскартуу тууралуу кабыл алынган чечимдерине өзүнүн идеяларын билдирди.

«Биз аталган багытта ишти аквтивдештирүү зарыл деп эсептейбиз. Чечимдер жана документтер кабыл алынып, маселелер убагында чечилгени  маанилүү. Биримдиктин ичиндеги аймактык өндүрүштү түптөө жана эл аралык коомчулуктун көз карашын өзгөртүү гана интеграцияга болгон ишенимди арттыра алат деп ойлойм.

Менимче, бул берилген аналитикалык аныктоо интеграциялык потенциалга ээ экономиканын тармактарындагы  жетекчиликке карата  практикалык иш-аракеттер болот. Аны менен катар экпорттук мүмкүнчүлүктөрдү көтөрүү, өндүрүш өнөр жайларын эффективдүү өнүктүрүү тууралуу чечимдерди да айта кетүү керек», - деди ал.

Өкмөт башчы айыл чарба үчүн комплекттөөчү жана өндүрүш жабдууларды чыгаруу региондук өндүрүштүк кооперацияны уюштурууда жакшы мисал болоруна ишеним артты.

Аны менен катар Сооронбай Жээнбеков агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү айыл чарба тармагын көтөрүү аракеттерин  координациялоо, улуттук Өкмөттөрдү түзүүдө агроөнөр жай саясаты, экспорттук потенциалды көбөйтүүгө өз ара соода жана үчүнчү өлкөлөргө соода жүгүртүүгө мүмкүндүк берерин билдирди.

«Төрагалык кылган мамлекет катары биз глобалдык соода трендин эске алуу менен, үчүнчү өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнү маанилүү деп эсептейбиз. Бул соода агымдарын өстүрүүнү күчөтөт. Ошол эле учурда белгилеп кете турган нерсе, сырткы соода өнүктүрүү биримдиктин ичиндеги тоскоолдуктарды кыскартууга жана чектөөлөрдү алууга жолтоо болбошу керек. Биргелешкен аракеттердин арты мене биз ЕАЭБ рыногунда тең укуктуулукка жетишишибиз зарыл», - деди  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчысы эскерткендей, Өкмөт башчылары биримдиктин алкагындагы келишимдерди жана ар түрдүү экономикалык демилгелерди ишке ашыруу максатында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин беш жолу жыйынын өткөрдү.

Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков дайыма болуп турган жолугушуулар көз караштар менен алмашууга жана коюлган багыттарды биргеликте аныктоого мүмкүндүк берерин, ошондуктан азыркыдай байланышты үзбөөнү сунуштады.

Соңунда  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Бишкекте өткөн Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында кабыл алынган чечимдер Евразия интеграциясына жаңы дем берерине ишеним артарын билдирип,  Кыргызстан көрсөтүлгөн пландар боюнча  активдүү активдүү иш алып барарын кошумчалады.

 [su_carousel source="media: 91003,91004" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]    

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү