12

Август

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан ЕАЭБ органдарынын чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу процедурасын кайра карап чыгып, жөнөкөйлөштүрүүгө демилге көтөрүп жатат

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Россия Федерациясынын Сочи шаарында өткөн Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышты.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү жолугушуу Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө жана жалпы максаттарга жетүүнүн жолдорун издөөдө маанилүү экенин белгиледи.

“Мындан туура бир жыл мурда 2015-жылдын 12-августтунда, Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу расмий мүчөсү макамын алган. Биз үчүн Евразия экономикалык биримдигине кошулуу стратегиялык жана салмактуу чечим. Кыргызстан ЕАЭБге кошулууда улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен жана экономиканын жаңы шарттарына адаптациялоого шарт түздү. Интеграциялык процесстерди өнүктүрүү жана тереңдетүүдө бир гана туура жол - экономикалык өнүгүүнүн дараментин сактап калуу гана эмес, аны күчөтүү да болуп саналат. Жаңы шарттар менен иштөөдө  биздин өлкөлөр ортосундагы  өз ара товар алмашууда чындыгында айрым тоскоолдуктар жана чектөөлөр келип чыкты.  Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы ветеринардык-санитардык көзөмөлдү алып салуу маселеси чечиле элек. Биздин өлкөлөрдөгү аймактарды өнүктүрүү үчүн  бирдиктүү транспорттук аймакты камсыздай турган эркин транзиттик жүк ташууну өнүктүрүүгө тоскоол болгон маселелер бар”-деди Премьер-министр.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, мындай маселелерди жана тоскоолдуктарды  өнөктөштөр арасында чектөөлөргө жол бербей туруп, ыкчам жоюу керек. Өз ара тоскоолдуктарды жаратпай туруп, үчүнчү өлкөлөрдүн кара ниет аттандаштыгынан биздин рынокту биргеликте коргообуз керек.

Ал эскерткендей, Кеңеште темир жол тарифтерин жөнгө салуу маселеси  боюнча макулдашылган чечимдин механизми  иштелип чыкты. Кыска мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кыргызстандык жүктөргө карата темир жол тарифтерин жөнгө салуу боюнча Макулдашуу иштелип чыгат.

«Макулдашуу ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн юбилейлик Саммитинин алкагында кол коюлат деп үмүттөнөм.  Мындай  чечимдер   эки тараптуу аракеттер  менен бардык көйгөйлөрдү чечүүгө боло турганын көрсөтөт. Өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсү үчүн аракеттеги жана узак мөөнөттүү факторлорду колдонуу маанилүү. Биринчи кезекте бул – өнөр жай кызматташтыгы, биргелешкен ишканаларды түзүү менен бардык  өнөр жай тармактарында кооперативдерди күчөтүү. Ошондуктан өнөр жай кооперативдерин өнүктүрүү биздин кызматташуубуздун негизги багыттардын бири болушу керек. Бул тууралуу биз бир нече жолу айтканбыз, бирок  Биримдиктин алкагында өндүрүштүк потенциалды күчөтүү үчүн бул багытта иштерди тездетүү зарыл», - деди Өкмөт башчысы.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков негизги көңүлдү Кыргыз Республикасы ЕАЭБдин келечегин түптөөдө пайдубал боло турган негизи документтерди иштеп чыгууга  жигердүү катышып жатканына бурду.   ЕАЭбдин Бажы Кодексин даярдоо процесси жогорку баскычта турат, товарларга башка документтерди кайра карап чыгуу боюнча материалдар иштелип чыкты. Кыргызстан  тараптан  экономикалык өнүгүүгө реалдуу түрткү берчү документтердин максималдуу  иш жүзүнө ашуусуна болгон күчүн жумшоого даяр.

«Азыркы абал бизден ЕАЭБдин чечимдерине дал келе турган ыкчам жана чечкиндүү аракеттерди талап кылууда. Жакынкы мезгил аралыгында  ЕАЭБ органдарынын чечимдерди мөөнөтүндө даярдоо  жана кабыл алуу  процедурасын кайра карап чыгып жана жөнөкөйлөштүрүү зарыл.  Биримдиктин органдарынын демилгелеген сунуштарын кароо бардык өнөктөштөр макулдук берген учурда деле, чечим кабыл алууга орточо  3 айдан 5 айга чейинки убакыт керек. Мындай жобого жол берилбейт, бул  интеграциянын процесстерин тереңдетүүнү кечиктирет. Биз ЕАЭБ органдарынын чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу процедурасын кайра карап чыгып, жөнөкөйлөштүрүү демилгеси менен чыгып жатабыз.

Евразиялык экономикалык комиссияга ушул маселени иштеп чыгуу боюнча тийиштүү тапшырма берүүнү сунуштайм. Ал эми киргизилген сунуштарды келерки жолугушууда жактыргандай бололу», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жыйынтыктоочу сөзүндө Өкмөт башчы ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылтарга ээ жана аны коргой турганын билдирди. Ошондуктан  биздин өлкөлөрдүн келишимдерин  ишке ашыруу жана ар түрдүү экономикалык демилгелери бул - кызматташуу маселелеринде өз ара түшүнүшүү жолдорун издөө болуп саналаарын белгиледи.

«ЕАЭБ өлкөлөрү – бул экономикалык өнөктөш гана эмес, бул баарынан мурда бизге духу жакын кошуналар. Биздин жалпы тарыхыбыз бар, мен ишенем биздин келечегибиз да бөлүнгүс. Экономикалык биримдик  биздин улуттар  үчүн  евразия мейкиндигинде туруктуулук жана бакубаттыкка фактор болуучу  жалпы сыймык  болуп калышы керек», - деп сөзүн жыйынтыктады Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

[su_carousel source="media: 79841,79840,79839,79838,79837,79836,79835,79834,79833,79832,79831,79830,79829" limit="70" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 78691,78690,78692,78693,78699,78700,78701,78702,78703,78704,78705,78706,78707,78708,78713,78714,78715,78716,78717,78718,78719,78720,78721,78722,78742,78743,78745,78744,78747,78748,78749,78750,78751,78752,78768,78767,78766,78760,78759,78758,78757,78756,78755,78754,78753,78769,78770,78771,78772,78773,78774,78775,78776,78777,78778,78779" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 78080,78081,78082,78083,78084" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 77817" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 77316,77317,77319,77320,77321,77323,77324,77322,77326,77325,77356,77357,77358,77359,77368,77367,77369,77378,77379,77360,77431,77433,77432,77428,77429,77430,77388,77427,77434,77435,77390,77391,77394,77393" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 77223,77222,77221,77220,77219,77218,77215,77214,77213,77224,77226,77227,77228,77229" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 76358,76350,76356,76355,76354,76353,76352,76351,76357,76359" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 76350,76351,76352,76353,76354,76355,76356,76357" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 75926,75927,75928,75921,75917,75916,75918,75887,75922,75888,75886,75885,75884" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 75884,75885,75886" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 75791" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 75125,75126,75127,75128,75129,75130,75131,75132,75133" limit="50" link="image" width="120" height="40" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 74419,74441,74440,74439,74438,74436,74435,74434,74433,74432,74431,74430,74429,74428,74427,74426,74424,74423" limit="50" link="image" width="120" height="40" items="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 74223,74225,74224" limit="50" link="image" width="120" height="40" items="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 73706" limit="50" link="image" width="50" height="20" items="6" scroll="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 73528,73529,73530,73531,73532" limit="50" link="image" width="140" height="40" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 72261,72260,72259,72258,72257,72256,72255,72254,72253,72252" limit="50" link="image" width="140" height="60" items="4" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 72266,72267,72268,72269,72270,72271" limit="50" link="image" width="160" height="40" items="4" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 72252,72253,72254,72255,72256,72257,72258,72259,72260,72261" limit="50" link="image" width="100" height="40" items="4" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" width="160" height="40" items="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" width="160" height="40" items="1" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" link="post" width="160" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 70114,70118,70117,70116,70115" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69982,69983,69984,69985,69986,69987" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69455,69456,69457,69458,69459" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 68954,68955,68956,68957,68958,68959,68960,68961,68962,68963,68964,68965,68966,68967" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү