09

Май

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Бишкек-Ош жолун реконструкциялоону тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын жүрүшүндө Бишкек-Ош автожолунун абалын көзөмөлдөдү.

Бишкек-Ош жолунун айрым тилкелерин кыдырып чыккан соң, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жолду текшерип, реконструкциялоо иштерин баштоону тапшырды.

Транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров Өкмөт башчыга Бишкек-Ош жолун калыбына келтирүү боюнча программа даярдалып жаткандыгын жана жакын арада аны ишке ашыруу башталаарын маалымдады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алдына Бишкек-Ош жолундагы жалпысынан 5 км созулган 142-155 чакырымга чейинки тилкени токтоосуз түрдө оңдоо милдети коюлду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү