28

Май

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: «Чек арачылардын кажыбас кайратмандыгы жана күжүрмөндүгү Кыргызстандын таянычы жана ишенимдүү кубаты болуп саналат»

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын офицерлери жана жоокерлери!

Ардактуу ардагерлер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан Сиздерди Чек ара кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн ичинде чек ара кызматкерлеринин орду жана ролу өзгөчө. Эрктүү, мекенчил, намыска бек турган азаматтар Мамлекеттик чек ара кызматынын сапаттуу кадрдык корпусун түзүп, Мекенге кынтыксыз кызмат кылуунун гаранты жана жогорку үлгүсү болуп келе жатат.

Мекенди коргоо ар бир жарандын парзы. Ал эми Сиздердин Мекенге арналган өмүрүңөр, берилип кызмат өтөшүңөр чыныгы айкөл Манас баатырдын урпактары экенин далилдеп, дайыма тайманбастыкка жана патриоттуулукка үндөп келесиздер.

Мекен үчүн кызмат кылууда каарман эрдиктерди, улуу өрнөктөрдү көрсөткөн ардактуу ардагерлер, Сиздердин өзгөчө жоокердик күжүрмөн кызматыңыздарга жана Ата Мекенге ак ниет кызмат өтөөнү калыптандырууга кошкон үзүрлүү салымыңыздарга баш ийип таазим этебиз.

Бүгүн мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыздоо бир катар олуттуу, жоопкерчиликтүү милдеттерди чечүү менен байланышкан. Эл аралык терроризмге, наркобизнеске жана легалдуу эмес миграцияга катуу бөгөт коюшубуз керек. Чек ара кызматкерлери дал мына ушул өзгөчө татаал жана жооптуу тапшырманы кынтыксыз аткарып келет.

Мамлекеттик чек араны ишенимдүү кайтаруу – республикабыздын улуттук коопсуздугун камсыздоодогу башкы милдет. Мекенибиздин коопсуздугу, көз карандысыздыгы үчүн жан аябай кызмат өтөп жаткандардын бардыгына урмат жана сый көрсөтүү менен аларды ар тараптуу колдоо, социалдык шарттарын оңдоо, турак-жай, техника, курал-жарак, чек ара кайтаруу мүлктөрү менен камсыздоо иштерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү уланта бермекчи.

Урматтуу чек ара кызматкерлери!

Кадырлуу ардагерлер!

Чек ара кызматкерлеринин майтарылбас эрки, чаалыкпас энергиясы, чек ара чегиндеги кыраакылык билгичтиги – Кыргыз Республикасынын бекем таянычы, ишенимдүү кубаты. Жашооңуздар элдин жылуу сезимдерине, сый-урматына жана колдоосуна татып, чыныгы адамзаттык бакытка толуп турсун. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм!

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                                               С.Ш. Жээнбеков».

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү