31
Март
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Биз 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон баатырлар жөн жерден жанын бербегенин далилдөө менен, аларды эскеребиз.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта, 7-апрель - Элдик революциясы күнүнө карата өткөрүлгөн эскерүү иш-чарасында сүйлөгөн сөзү:
Урматтуу мекендештер!
Ар бир элдин тарыхында сыймык менен эскерилип, муундан муунга аӊыз болуп айтылып, кийинкилер көкүрөгүндө аздектеп сактап, урпактарга үлгү кылып жеткире турган улуу окуялар болот.
Кыргызстандын жаӊы тарыхында мамлекеттин тагдырына таасир эткен 1991, 2005, 2010-жылдардагы – үч саясий окуя болду. 1991-жылы кыргыз элинин кылымдар бою эӊсеген көз карандысыздыгы колго тийип, жалпы журтубуз эркиндикти жүрөк толгон кубаныч менен тосуп алган. Мындан ары өз алдынча, заманбап, өнүккөн өлкөнү курабыз деп ишенгенбиз. Бирок, ошол кездеги бийлик элдин тилегин актаган жок. Коррупцияга белчесинен баткан бийликти эл өлкөдөн кууп чыккан.
2005-жылы бийлик алмашып, дагы чоӊ үмүттөр, жаӊы максаттар жаралган. Тилекке каршы, кыска мөөнөттүн ичинде бийлик элге эмес, өз кызыкчылыгына гана иштей баштаган. Элдин энчисин уурдап, мамлекетти пайдаланып, тоноочулукка бет алган бийлик, өзүнүн ыплас максатына жетүү үчүн адам өлтүрүүдөн да кайткан эмес. Алар элдин үмүтүн алдап, ошол революциянын жеӊишин уурдап кетти.
Балким, башкалар үмүт үзүп, тизе бүгүп, тагдырым ушул экен деп жашай бермек. Бирок, эркиндикти, адилеттикти туу тутуп жашап келген кыргыз эли – чөгөлөтүп алам, зордук менен башкарам деген үй-бүлөлүк бийликти кабыл алган жок.
Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы эӊ орчундуу окуялардын бири – 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция.
Мамлекетибиздин эртеӊи үчүн эр азаматтарыбыз канын да, жанын да аяган жок. Жүрөгүндө оту, жүлүнүндө намысы бар жигиттер атылган октон корккон эмес. Ушундай баатырдыктын күчү менен жаӊы турмушту, жаркын келечекти көздөгөн элдин аруу тилеги ишке ашты. Бул күнү элдин бийлигин менчиктеп, эл ырыскысын өз бүлөсүнө тартып берип, өз журтуна кас болуп калган бийлик кулады. 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция жеӊиш менен аяктады.
Жек көрүмдү режимди кулатуу, тилекке каршы, орду толгус оор жоготуулар менен коштолду: канкор бийлик өз элине каршы ок чыгарды, токсонго жакын мекендешибиз курман болду, жүздөгөн жарандарыбыз жаракат алды.
Бүгүн элдин тагдыры үчүн шейит кеткен баатырларыбыздын элесине таазим кылып, аларды тарбиялаган ата-энелерге, жакын туугандарына көңүл айтабыз.
Элге ок аткан, качып кеткен бакиевчилер кутулуп кеттик деп ойлобосун, бул кылмыштардын мөөнөтү эскирбейт, эртели-кеч эл алдында, тарых алдында өз жазасын алышат.
Урматтуу мекендештер!
Бир жумадан кийин Апрель революциясына жети жыл толот. 7-апрелдин жеңишин, элдин бийлигин сактап калуу оӊой болгон жок. Революциядан кийин да чыдамкайлык, чечкиндүүлүк менен күрөштү улантуу зарыл болду. Ансыз ийгилик болбосун 2005-жылдан кийинки өзүбүздүн тажрыйбабыз айкын көрсөттү.
2010-жылдан кийин да кыйын учурга туш болдук. Эскиче жашоону эңсеген реваншисттик күчтөр ар кандай аракеттерин жасап көрүштү.
Эски бийликти кайра орнотууну, коррупциялык системаны сактап калууну көксөгөндөр тынбай митингдерди, каршылык акцияларын уюштуруп жатышты. Бир эле мисал – бүгүнкүгө чейин чейин республикада 2785 саясий митинг болуп өттү.
Ошол кездеги парламенттик шайлоодо каршылык күч болуп, революциялык күчтөрдүн парламенттеги орду ойдогудай болбой калды.
Булардын баары биздин жаӊы турмушту, жакшы заманды курууга багытталган иштерибизге абдан катуу тоскоолдуктарды жаратты, экономикага, социалдык өнүгүүгө чоӊ залалын тийгизди.
Ошого карабастан, Кудайга шүгүр, зор ийгиликтерди жараттык. 2011-жылы, революциядан бир жарым жылдан кийин Президенттикке Алмазбек Шаршенович Атамбаев шайлангандан кийин чоӊ өзгөрүүлөр болду. Элибиздин мүдөөсүн, шейит кеткен баатырлардын тилегин ишке ашыруу боюнча сыймык менен айтылчу жетишкендиктер болду.
Алты жылда Кыргызстан таптакыр өзгөрдү. Азыр биз жаӊырган өлкөдө, эски бийлик кайра жаралбай турган, эл каалаган реформалар кайтпас мүнөзгө ээ болгон мамлекетте жашап жатабыз.
Биздин эң башкы жетишкендигибиз – коомубузда чыныгы демократиянын орногону. Жеке адамдын керт башына сыйынган, жалпы өлкө бир үй-бүлөнүн байлыгы үчүн иштеген бийликти жойдук. Бийликти элдин энчисине кайтарып, аны таза шайлоо аркылуу эл өзү курай турган системаны түздүк.
Өлкөдө жаңы башкаруу системасы, жаңы саясий традициялар калыптанып, жаңы типтеги мамлекет курулууда. Биз үчүн даяр үлгү жок болчу, башкаларды туурабай, өз жолубузду куруп жатабыз.
Жасаганыбызды дүйнө коомчулугу таанып, эл аралык деӊгээлде өлкөбүздүн аброю көтөрүлүп, дүйнөдө өзүбүздүн татыктуу ордубузду ээледик. Башкалар менен теӊ ата мамиледе болуп, эки жана көп тараптуу саясатты ишке ашырып жатабыз.
Коомубуз тазаланып жатат. Мамлекеттин байлыгын уурдагандар камалып, коррупцияга каршы күрөш жеӊиштүү уланууда. Ушул эле максатты көздөп, күч структураларында, тергөө тармагында, сот системасында ири реформалар жүрүп жатат.
Өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүү максатында ири долбоорлорду ишке ашырып жатабыз.
Туӊгуюктан чыгып, транзиттик мамлекет болуу үчүн стратегиялык жолдор салынып жатат. Кытайга, Казакстанга, Тажикстанга кеткен жолдордун курулушу аяктаганы турат.
Энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылдык. КАСА-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуулар жүрүп жатат.
Жеӊил өнөр жайындагы жана кайра иштетүү багытындагы ишканалар салынууда. Мурда токтоп калган заводдордун айрымдарын кайрадан жандандырып жатабыз.
Айыл чарба техникалары лизингге берилип, дыйкандарды колдоо максатында төмөн пайыз менен каржылоо системасына бюджеттен ири суммадагы каражаттар берилип жатат.
ЕврАзЭС мамлекеттеринин көлөмдүү рыногуна чыгуу үчүн зарыл болгон бажы посттору, текшерүү пункттары, лабораториялар курулду жана курулуп жатат.
Социалдык чөйрөдөгү реформалар улантылууда. Бюджеттин 50 пайызы социалдык тармакка багытталды. Мектептер, бала бакчалар, спорттук жана маданий объекттер жакшы темп менен курулуп жатат. Былтыр эле 100 мектепти капиталдык ремонттон өткөрүп, 80 билим берүү мекемесин ишке бердик. Акыркы чейрек кылым ичинде мынчалык тез темп менен мектеп куруу эч качан болгон эмес.
Улуттук маданиятыбызды, мамлекеттик тилибизди өнүктүрүү максатын көздөгөн олуттуу иштер аткарылууда. Дин саясатын колго алдык. Мамлекеттин дин чөйрөсүн тейлөөсү ырааттуу жолго бурулду.
Мамлекеттин бүтүндүгүн, чек арабыздын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Аскер реформасы жүрүп жатат.
Убакыттын тардыгына байланыштуу ушуларга гана токтолдум.
Урматтуу мекендештер!
Азыр да адилет коом, күчтүү мамлекет үчүн болгон күрөш уланууда. Узак жылдар бою бузулган турмушту кыска убакыттын аралыгында оңдой коюу мүмкүн эмес.
Ал эми Апрель революциясынын максатын бурмалап, мыйзам сыртында, элден өзгөчө статуста жашоого аракет кылган саясий күчтөр азыр да тоскоолдуктарды жаратууда. Революцияга жамынып, элдин мүлкүн өз олжосуна айлантып, өз көмөчүнө күл тарткандар өлкөдөгү туруктуулукка, калк ичинде ынтымакка залал келтиргенге даяр турат. Мындай учурда ак менен караны так ажыратып, ким эл үчүн, ким өзү үчүн жан талашып жатканын так баамдоо абзел. Ушуга кылдат бололу.
Бүгүн да чогуу, бир багытты көздөп, Президентибиздин демилгелерин колдоп, тоскоолдуктарды жеӊишибиз зарыл. Ушул багытыбыз өнүккөн өлкөнү, калыс коомду курууга жеткирет.
Урматтуу мекендештер!
Урматтуу апрель революциясынын баатырлары жана катышуучулары!
Бүгүн өлкөбүздө орун алган ийгиликтердин ар бирине сиздердин кошкон салымыӊыздар зор. Сиздерге Кыргыз Өкмөтүнүн атынан чын дилимден чыккан ыраазылыгымды билдирем. Баарыӊыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайм.
2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун элесине дагы бир ирет таазим этебиз. Алардын өмүрү бекер кыйылбагандыгын далилдеп, ошол баатырлар эӊсеген мамлекетти куралы, сүйүктүү мекенбиз - Кыргызстанды гүлдөтүп өнүктүрөлү!
Элибизде аманчылык, коомубузда ынтымак, мекенибизде тынчтык болсун
[su_carousel source="media: 92126,92127,92128,92129,92130,92131,92132,92133,92134" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү