21
Июнь
Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин жыйынында Өкмөттүн түзүмүнө сунушталган өзгөрүүлөрдү тааныштырат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков эртен, 21-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндөгү комитетинин жыйынында 2016-жылдын 13-апрелинде Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмдүк өзгөрүүлөрү боюнча сунушту тааныштырат.
Премьер-министр Өкмөттүн түзүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү сунуштоодо:
- Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;
- Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функцияларын азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функциялар менен толуктоо;
- Мамлекеттик байланыш агенттиги жана КР Өкмөтүнө караштуу Электрондук башкаруу борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;
- Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Мамлекеттик каттоо кызматын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартуу;
- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин функцияларын жер казнасын пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияны кошумчалоо жолу аркылуу кеңейтүү.
Бийликтин аткаруу бутагынын түзүмүнө киргизилүүчү өзгөртүүлөр штаттык санды көбөйтүүнү жана республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.
Парламенттин тармактык комитетинин жыйынына эртең, 21-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жетекчилик кылган Өкмөттүн бардык мүчөлөрү катышат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү