31
Январь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Балыкчы – Корумду автожолунун курулушунун башталыш тарыхын эске салды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда, «Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын январь-декабрь айы үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу» маселесин караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынынын жүрүшүндө Балыкчы – Корумду автожолунун курулушунун башталышынын тарыхын эске салды.
"Узундугу 104 км түзгөн “Балыкчы-Корумду” жолунун курулушу каржылоо булагы аныкталбастан башталган, анда анын себебин курулуш "Альфа Телеком" ЖАК сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен жүргүзүлөөрү жана бир жылдын ичинде жыйынтыкталаары менен түшүндүрүшкөн", - деди Өкмөт башчы.
Ал белгилегендей, кызматка дайындалган соң, биринчи кезекте "Балыкчы-Корумду" унаа жолунун курулушунун абалы менен таанышкан,анда жолдун белгилүү бөлүгү казылып, көпүрөлөр алынган. Курулуш техникалары жетишсиз эле. Ошол учурда эле курулуш иши бекитилген долбоорсуз жана техника-экономикалык негиздемесиз башталганы белгилүү болгон. Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, белгилүү жактар мындан саясат жасап, Өкмөттү күнөөлөөдө.
"Биз "Балыкчы-Корумду" жолун бүтүрүүбүз керек жана бул маселени саясатташтыруунун кереги жок", - деди Премьер-министр.
КР Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун маалыматына ылайык, министрлик жана жалданма компания ортосунда ким канча карыз экендиги боюнча түшүнбөстүктөр бар. Комиссия түзүлүп, анда жалданма компания пландалган иштин 33%ын гана аткаргандыгы белгилүү болгон. Аталган жолду реконструкциялоого 2016-жылы 1 млрд 580 млн сом бөлүнгөн.
Бүгүнкү күндө жолдун 11 чакырымына – эки катмар асфальт, ал эми 23 чакырымына бир катмар асфальт төшөлгөн.
[su_carousel source="media: 89068,89064"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү