25
Июль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кенчилерге экологиялык коопсуздук жана өнөр жай нормаларын сактоонун маанилүүлүгүн эскертти
Алтын казып алууда өнөр жай коопсуздугун жана экологиялык нормаларды сактоо негизги фактор болуп эсептелет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 24-июлда, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районуна караштуу Иштамберди алтын кениндеги «Фулл голд майнинг» ишканасынын ишмердүүлүгүн карап чыкканда билдирди.
Бул фабрикада 713 адам эмгектенет. Алардын 100 чет элдик жарандар болсо, калганын жергиликтүү жумушчулар түзөт. Бир жыл мурда 2016-жылдын июнь айында бул жерде жабдыктарды модернизациялоо иштери аяктаган. Жаңы техникаларды ишке киргизүү ишкананын өндүрүмдүүлүгүн бир топ жогорулатты.
Ала-Бука районунун мамлекеттик райондук администрация башчысы – акими Сонунбек Акпаралиев былтыр 2016-жылы фабрика жергиликтүү бюджетти колдоого 61 млн сом которгондугун билдирди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, бийлик ушул сыяктуу ишканалардын ишине колдоо көрсөтүшү зарыл. Бирок жергиликтүү жетекчилер бюрократиялык тоскоолдуктар менен алардын толук кандуу иштешине жолтоо болбошу керек. Анткени мындай ишканалар жергиликтүү жана республикалык бюджетке байкаларлык салым кошуп жатат.
Аны менен бирге Өкмөт башчы жергиликтүү тургундарды жумушка тартып, жаңы жумуш орундарын түзүү керектигин баса белгиледи.
Андан ары Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чаткал районундагы «Тереккан» жана «Перевальное» алтын кендеринде алтын өндүрүүгө уруксат кагазы бар «Эти Бакыр» ишканасына жана «Терек» алтын-сурма чыгарган кенге барды. Айрым уруксат берүүчү документтеринин жоктугуна улам, ишкана ишке кире албай турат. Буга байланыштуу Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга керектүү документтерди берүү маселесин карап чыгууну тапшырды.
[su_carousel source="media: 99988,99989,99990,99991,99992,99993,99994,99995,99996,99997,99998,99999,100000" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 98380,98378,98377,98376" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 97752,97745" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү