01

Август

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Мекендештер - 2016» III Форум катышуучуларына салам жолдоду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта, Ош шаарында өтүп жаткан «Мекендештер - 2016» III Форумунун катышуучуларына салам жолдоду.

Өкмөт башчы форум катышуучуларына өлкө экономикасына инвестиция тартууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстан үчүн татаал мезгилде сиздер өз тагдырыңыздарды колго алып, бутка бекем тура алдыңыздар, эми өлкөнү өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдуңуздар»,- деп айтылат катта.

Белгиленгендей, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу менен бирге интеграциялык процесске кадам таштады. ЕАЭБге мүчө болуусу Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү ачууда.

«Эгерде биз колдогу мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалана ала турган болсок, анда жакынкы мезгилде өнүккөн өлкөрдүн катарына кошулууга мүмкүндүк алабыз. Биздин мекендештер -  эмгек мигранттары өз Мекенинин өнүгүүсү үчүн инвестиция тартууга реалдуу көмөк көрсөтүүчү учур келди. Учурда Кыргызстандын экономикасы инвестициялар үчүн ачык, жеке тармакты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн. Өкмөт тарабынан Кыргызстан экономикасы үчүн инвестициялоо чечимин кабыл алган ишкерлерге колдоо көрсөтүлөт», - деп айтылат Сооронбай Жээнбековдун катында.

«Мекендештер - 2016» Форумунун максаты Кыргызстан экономикасына чет өлкөдө жашаган кыргызстандык-мекендештердин катарындагы потенциалдуу инвесторлорду тартуу болуп саналат.

«Мекендештер - 2016» III Форумунун ишине вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева катышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү