16

Июль

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Франциянын Премьер-министри Мануэль Вальска Ницце шаарындагы кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Франция Республикасынын Премьер-министри Мануэль Вальска көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Ниццеде орун алган терактынын натыйжасында айыпсыз курман болгондор жана жабыркагандар тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан эл аралык коопсуздукту коркунучка алып келген терроризм жана экстремизмдин көрүнүштөрүн айыптоого алат жана эл аралык терроризмге каршы туруу боюнча аеосуз күрөштү колдоого алаарын бышыктайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Франциянын Өкмөтүнө жана элине, адамгерчиликсиз кылмыштын курмандыгы болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, жабыркагандардын тез арада сакайып кетишине тилектешмин»,- деп айтылат Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун телеграммасында.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү