18
Май
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Нарын облусу ири айыл чара потенциялына ээ болгон аймак болуп саналат, аны толук кандуу колдонуу керек
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-майда, Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районундагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Өкмөт башчы Нарын облусу ири айыл чара потенциялына ээ болгон аймак болуп саналарын, аны толук кандуу колдонуу керектигин белгиледи. Айрыкча айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, Өкмөт агрардык секторду интенсивдүү өнүктүрүү максатында өлкөнүн айыл чарба тармагын техникалык жактан жабдуу боюнча иштерди активдүү жүргүзүүдө. Ал белгилегендей, экспортту өнүктүрүү, айыл чарба продукцияларын көлөмүн көбөйтүү менен кайра иштетүүнүн көлөмүн жогорулатуу багытында иштер жүргүзүлүүдө.
Кочкор райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурлан Керимкулов райондогу айыл аймактарында айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү боюнча маалымат берип, райондун айдоо жерлеринин картасын көрсөттү.
Ал билдиргендей, райондун дыйкан-фермерлери арасында Өкмөттүн лизингдик программасына кызыккандар бар. Фермерлер Өкмөттүн эл аралык донорлор линиясы боюнча айыл чарба техникаларын алышууда. Анын маалыматына караганда, райондогу дыйкан-фермерлер Айыл чарбасын каржылоо-5 долбоорунун алкагында 79млн. 116миң сомго жеңилдетилген насыя алышкан.
[su_carousel source="media: 95190,95191,95192" limit="60" link="image" title="no"]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү