27
Март
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өлкөнүн прикладдык маанидеги инновациялык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу зарыл
Азыркы экономикалык шартта өлкөнүн прикладдык маанидеги инновациялык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу зарыл. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Досалы Эсеналиевдин алдына койду.
Өкмөт башчысы ата мекендик өнөр жай тармагын модернизациялоодо, иликтөөлөрдүн жыйынтыгын чыгарууда жогорку окуу жайлардагы жаш окумуштуулардын инновациялык илимий-иликтөө ишмердүүлүктөрүн колдоого алуу зарылдыгын баса белгиледи. Анын менен бирге Премьер-министр Кыргызстанда инновациялык рынок бар экенин, бирок аны ишке ашырууга суроо-талап жарала электигин кошумчалады. Мына ушул максатта Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өндүрүшчүлөр менен ойлоп табуучулар арасында байланышты бекемдөө үчүн ар кандай көргөзмөлөрдү уюштурууну иштеп чыгууну тапшырды.
«Азыркы заманбап экономикалык шартта Кыргызспатенттин болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу зарыл. Өндүрүш, өнөр жай, айыл чарба, бизнес тармагындагылар менен, ойлоп табылган мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу максатында алар менен тыгыз мамиле куруу зарыл», — деди Премьер-министр.
Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиевдин айтымында мекеменин ишмердүүлүгү негизги үч багыт боюнча жүргүзүлүүдө: интелектуалдык менчикти коргоо, автордук укуктарды коргоо жана колдоо, инновациялык саясатты аныктоо жана жүргүзүү. Ушул багыттар боюнча улуттук жана эл аралык мыйзам базасынын алкагында иш бир нукка коюлган.
Досалы Эсеналиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жакынкы келечекке багыт алган инновациялык өнүгүү Концепциясы бекитилгендигин билдирди. Кыргызпатент өлкө экономикасына салым кошо турган инновациялык долбоорлорду аныктоого жана аны кийин ишке ашырууга кызыкдар. Ушул максатта жыл сайын уникалдуу инновациялык демилгелерди аныктоо жана иш жүзүнө ашыруу үчүн сынактар өткөрүлүп турат.
Кыргызпатенттин башчысы 2016-жылдын эсебинен саламаттыкты сактоо, айыл чарба, мал багуу жана тамчылатып суугаруу тамагында арыз берген 45 талапкердин арасынан 4 илимий арыз тандалып алынганын билдирди.
Жаш окумуштууларды колдоо максатында жогорку техникалык окуу жайлардын биринде, инновациялык демилделерди иштеп чыгуунун аянтчасы болгон инновациялык технопарк түзүү пландалууда.
Аталган долбоорду ишке ашыруунун алкагында өлкөдөгү техникалык жогорку окуу жайлардын арасында СЫНАК жарыяланат. Аталган технопарк келечекте өндүрүшкө багытталган бизнес өкүлчүлүгүн колдоодо жана өнүктүрүүдө, жаш окумуштууларды колдоочу, аларга дем берүүчү багыт болору күтүлүүдө. Ошондой эле Кыргызпатенттин келечектеги пландарында кыргыз элинин улуттук (каада-салт) жана кол өнөрчүлүк тармагында (шырдак, туш кийиз ж . б.) базасын түзүү пландалууда.
[su_carousel source="media: 91935,91936" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү