14

Октябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Республикалык бюджетти толтуруу үчүн салык жана бажы кызматкерлеринин колдогу резервдерди аныктоодогу жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл

«Республикалык бюджетти толтуруу үчүн салык жана бажы кызматкерлеринин колдогу резервдерди аныктоодогу жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл. Өз учурунда аныкталса, бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга көмөк берчү резервдер бар», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруунун кошумча резервдерин аныктоо боюнча Ведомство аралык жумушчу топтун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча кеңешмеде.

Жумушчу топтун ишинин жыйынтыктары тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы Азиз Аалиев сунуштады.

Көзкарандысыз эксперттер менен жүргүзүлгөн иликтөөлөргө ылайык, салык кирешелеринин толукталбай калуусунун негизги тобокелчиликтери аныкталган. Алардын катарына натыйжасыз салыктык текшерүүлөр, алсыз салыктык администрация, экономиканын айрым тармактарындагы төмөнкү салыктык жүктөмдөр жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше мүмкүндүктөрүнүн төмөндөөсү кирет. Ошондой эле алкоголдук өнөр-жай өндүрүшү жана сатыктагы, курулуш жана тейлөө көрсөтүү тармактарындагы салыктык администрациянын жетишсиздги айтылды.

Жумушчу топтун сунуштарына ылайык, кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекке кирешелерди жогорулатуу боюнча чаралар планын ишке ашыруу чечими кабыл алынды. Ошондой эле планда салык администрациясын жергиликтүү деңгээлге децентралдаштыруу жана жер-жерлерде муниципалдык менчикти башкарууну жакшыртуу каралган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков республикалык бюджетти толтуруу үчүн салык жана бажы кызматкерлеринин колдогу резервдерди аныктоодогу жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

«Салык төлөмдөрү жетишсиз чогултулуп жаткандыгынын негизги себеби катары натыйжасыз салктык текшерүүлөр аталды. Мамлекеттик салык кызматы муну эске алуусу жана өз ишиндеги кемчиликтерди жоюуга багытталган тийиштүү жыйынтыктарды чыгаруусу зарыл. Буга катар Жалал Абад жана Бишкек шаарынын мисалында салык чогултуу функциясын жер-жерге берүү керек. Бул аймактык салык органдарынын ишинин натыйжалуулугун көтөрүп, андагы салык төлөмүн жогорулатуу боюнча демилгени жогорулатат», - деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү