13

Январь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Экологиялык жактан таза айыл чарба аймактарын кеңейтүү зарыл

«Экологиялык жактан таза айыл чарба аймактарын кеңейтүү жана экологиялык таза айыл чарба продукцияларын өндүрүү көлөмүн жогорулатуу зарыл», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аймактык биофабриканын курулушунун жүрүшү менен таанышуу учурунда.

Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Кыргызагробиоборбордун директору Жаңыбай Туманов маалымдагандай, жаңы типтеги алгачкы биофабриканын курулушу биопрепараттарды өндүрүү көлөмүн жана аларды пайдаланууну жогорулатуу  максатында башталган.

«Баткен аймактык биофабрикасы дыйкан-фермерлерди айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден сактоо үчүн таза биологиялык каражаттар менн камсыздайт. Мында «Биолигнин», «Триходермин» «Трихограмма», «Габробракон», «Алтынкөз», «Амблисейус» жана «Афелинус» микробиодармектери чыгарылат», - деди ал.

Жаңыбай Туманов белгилегендей, аталган биофабриканын иштеп баштоосу менен айыл чарба продукциясын дарылоодо химикаттарды пайдалануу кескин кыскарат жана микробиопрепараттарды жана энтомофагдарды жакынкы чет мамлекеттерге экспорттоо мүмкүндүгү пайда болот.

Өкмөт башчы белгилегендей, мындай жаңы типтеги биофабрикалар өлкөнүн бардык аймактарында болушу шарт.

«Аталган биофабриканын курулушу башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилери үчүн белги катары кабылданышы керек. Биз экологиялык жактан таза продукцияны өндүргөн өлкө болуубуз керек жана мындай биофабрикалардын ишке киргизилиши анын жайылтылышына шарт түзөт. Калк арасында, тактап айтканда, дыйкандар жана фермерлер арасында айыл чарбанын келечеги болгон биофабрикалардын маани-маңызы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл», - деп эсептейт Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков биофабриканын курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүп, курулушту өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо тапшырмасын берди.

[su_carousel source="media: 88225,88226,88227,88228,88229"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү