31

Январь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кылмыштуулуктун алдын алуунун мамлекеттик бирдиктүү тутумун түзүү зарыл

«Укук коргоо органдарынын системасын, баарынан мурда уюшкан кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүү структураларын реформалоону тездетүү зарыл», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков дүйшөмбүдө, 30- январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында.

«Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик тутумду түзүү зарыл, биринчи кезекте жашы жете электердин арасында жана башка укук бузуулар, укук коргоо тармагындагы өткөрүлгөн иш чаралардын эффективдүүлүгүн аныктаган мониторинг жүргүзүү, коррупция жана криминалдын санын кыскартуу боюнча атайын кабыл алынган чараларды өткөрүү керек»,- деп белгиледи Өкмөт башчысы.

[su_carousel source="media: 89065,89068"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү