27

Апрель

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Жарандардан түшкөн медициналык төлөмдөр системасын жөнгө салуу керек

Саламаттыкты сактоо тармагында жарандардан түшкөн медициналык төлөмдөр системасын жөнгө салуу керек,-деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде, Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берип жаткан учурда.

Өкмөт башчы бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо тармагындагы иш принцибин жана ыкмаларын кайрадан карап чыгуу маселеси турганын баса белгиледи.

«Медициналык тейлөөгө кайрылган жарандар  акчалай каражат төлөп жатканы жашыруун эмес. Ошондуктан каражат төлөө системасын  тартипке келтирүү керек. Финансылык төлөмдөрдү жөнгө салуу үчүн, пилоттук долбоорлорду иштеп чыгуу зарыл», — деди Сооронбай Жээнбеков.

[su_carousel source="media: 93631" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү