29

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Жаңы Салык кодекси республикада бизнести жүргүзүү шарттарын начарлатпоосу тийиш

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков,  бүгүн, 29-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстан ЕАЭБ курамына киргендигине бир жылдан ашуун убакыт өттү. Учурда экспорттоочулардын мындай ири рынокко киришинде ЕАЭБдин артыкчылыктарын толук кандуу пайдалана алышы үчүн Өкмөт тарабынан тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. Атап айтканда, чек арадагы 4 бажы өткөрүү пункту, 7 ветеринардык-контролдук өткөрүү посту жаңыланды. Посттордун жана лабораториялардын жабдылышынын экинчи этабы башталды. ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрүнүн аймагына эркин чыга ала турган 18 кыргыз ишканасы Ишканалардын Реестрине киргизилди.

Премьер-министр эскерткендей, жакынкы күндөрү Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегия өкүлдөрүнүн сапары орун алып, алар Кыргызстандагы ветеринардык лабораторияларды модернизациялоонун жыйынтыктарына канагаттанышкан.

Сооронбай Жээнбеков маалымдагандай, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын күтүлүүчү өсүшү үч жарымга жакын пайызды түздү. Бул болжолдуу көрсөткүчтөн 0,8%га көп болду.

Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, бир нече күн мурда Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразиялык Кеңештин жыйынынын алкагында Казакстан менен 100 млн АКШ долларын техникалык жардам иретинде бөлүп берүү туурасында макулдашууларга жетишилген. Булар толугу менен лабораторияларды жана өткөрүү пункттарын ЕАЭСтин талаптарына ылайык келгендей кылып модернизациялоого жумшалат.

«Бүгүнкү күндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ишти координациялоону жакшыртуу зарыл. Биз объективдүү кыйынчылыктарга, ошондой эле мамлекеттик органдардын камырабагандыгына такалып жатабыз. Сапатсыз, арзан продукцияларды импорттоого байланыштуу көйгөйлөр да бир топ. Бул ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыгына олуттуу таасирин тийгизүүдө. Айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр жана кайра иштеп чыгаруучулар тарабынан даттануулар көп түшүүдө. Бул даттануулар боюнча биз тез чара көрүшүбүз керек», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Мындан тышкары, күн тартибине рейддик салыктык контролду жүргүзүү боюнча мыйзамдардагы дал келбестиктерди жоюуга багытталган маселе киргизилген. Негизсиз текшерүүлөр болбос үчүн бардык көйгөйлөрдү чечүү зарыл.

Премьер-министрдин айтымында, Салык Кодексинин жаңы редакциясы боюнча анын дарегине көптөгөн даттануулар түшүүдө. Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков Салык Кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгууга мамлекет менен бизнестин ортосундагы кызыкчылыктардын балансына жетүү үчүн бардык кызыкдар тараптар тартылаарына ишендирип кетти.

«Жаңы Салык Кодекси өлкө ичинде бизнести жүргүзүүдө эч кандай кедергисин тийгизбеши керек. Экономика министрлиги бул документти иштеп чыгуу процессине бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүн көбүрөөк тартуу менен тийиштүү процедураларды сактоону иштеп чыгуусу керек», - деп тапшырды Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аткаруучулук тартипти жогорулатуу менен катар Кеңештин сунуштарын кыска мөөнөттүн ичинде аткарууну тапшырды.

Жыйын соңунда КР Өкмөтүнүн алдындагы Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин 2017-жылга Иш планы бекитилди.

[su_carousel source="media: 87741,87740,87739,87738,87737,87736,87735,87734,87733,87732,87731,87730"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү