03

Февраль

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2017-жылга карата ИИМ алдындагы негизги милдеттерди атады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиясында ведомство алдындагы 2017-жылга карата негизги милдеттерди атады.

Ал белгилегендей, негизги милдеттер катары Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тутумун реформалоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгында каралган иш-чаралар эсептелет. Сооронбай Жээнбеков ошондой эле ички иштер органдарынын ишин оптимизациялоо, ИИМ борбордук аппаратынын санын кыскартуу, шаардык, райондук жана айылдык участкалык жана жашы жете электер иши боюнча инспекторлордун санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой эле кызматкерлердин кесипкөйлүк сапатын эске алуу менен алардын карьералык өсүүсүнө бирдей мүмкүндүк берүү үчүн кадрдык саясатты карап чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Коллегиялык жыйында Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков жана министрдин орун басары Алмазбек Орозалиев ведомствонун 2016-жыл үчүн ыкчам-кызматтык ишинин жыйынтыктары, ошондой эле аткарылган иштин натыйжасы жана кемчиликтери тууралуу маалымат беришти.

Өкмөт башчы ИИМ жетекчилигинин позициясына, ведомствонун жана ички иштер орган кызматкерлеринин иши тууралуу өзүн-өзү сынга алып, талдоо жүргүзүүсүнө оңдуу баа берди.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, 2017-жылы ички иштер орган кызматкерлери республикалык жана эл аралык масштабдагы ири иш-чаралардын убагында тийиштүү коомдук тартипти камсыздай алышты.

ИИМ жетишкендиктерине токтолуп, статистикалык маалыматтарга таянуу менен Премьер-министр ИИМ ишинде токтоосуз чечим кабыл алууга муктаж болгон көптөгөн кемчиликтер бар экендигин белгиледи.

«Ар бир үчүнчү уурулуктун бети ачылбай калып жатат. Ал эми бети ачылган кылмыштардын ичинен жабырлануучуларга келтирилген зыяндын көбүнүн орду толтурулбаган бойдон калууда. Мындан улам жарандарыбыз  милициянын ишине канааттанбаган бойдон калууда», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы белгилегендей, уюшкан кылмыштуулук менен күрөш жетишсиз деңгээлде жүргүзүлүүдө.

«Коомчулукта айрым уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү өлкө ичинде коркпой, ээн-эркин жүрүшкөндүгү тууралуу пикир аралап жүрөт. Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, албетте, кармалууда. Кармалгандардын көбүнчөсү – жаш балдар. Бирок, эмне үчүн уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери кармалбай жатат?», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министрдин пикиринде, дагы бир олуттуу көйгөй – бул баңгиликке жана баңги бизнесине байланыштуу кылмыштар.

Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, өткөн жылы укук коргоо органдар тутумун реформалоо алкагында Баңги заттарын контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат жоюлган. Анын функциясы жана материалдык-техникалык базасы Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.

«Республиканын жетекчилиги Баңги заттар менен күрөшүүнүн жаңыртылган кызматынан олуттуу натыйжаларды күтөт. Сиздердин отчётту үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында угабыз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Патрулдук милиция уюштурулушу менен 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча оңдуу жакка кескин өзгөрүүлөр байкалган жок.Тескерисинче, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган милиция кызматкерлеринин атына бир топ даттануулар келип түшкөн», - деген Премьер-министр ИИМ жетекчилигин калктын үмүтүн актоо үчүн аталган долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу максатында тийиштүү чапаларды кабыл алууга чакырды.

Ошондой эле Премьер-министр Ички иштер министрлигиндеги субъективдүү негиздеги кемчиликтерге токтолду. Тактап айтканда, анын катарына милициянын айрым кызматкерлеринин профессионалдык деңгээлинин начардыгы, шалаакылыгы жана жоопкерсиздиги, ички иштер органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан көзөмөлдүн жоктугу кирет.

Жыйынтыгында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, ички иштер органдарынын кызматкерлери милициянын ар-намысын чыңдоого өзгөчө басым жасоосу тийиш, анткени жарандар алардын укугун жана коопсуздугун камсыздоодо милицияга зор үмүт артат.

[su_carousel source="media: 89406,89405,89404,89403,89402" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89402,89403,89404,89405,89406"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү