18

Апрель

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы социалдык-экономикалык тармактагы оң көрсөткүчтөрдү белгиледи

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга сунуштап жатып, отчеттук маалдагы өлкөнүн  социалдык-экономикалык тармагындагы оң көрсөткүчтөрдү белгиледи.

Өкмөт башчы белгилегендей, отчёттук жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 458 млрд сомду түздү, ал эми реалдуу темптин өсүшү 103,8% болду. Прогноз 2,7% болгон.

Курулуштагы дүң продукциянын жалпы көлөмү 2016-жылы 128,6 млрд сомду түзүп, 7,4%га жогорулады. 2016-жылы тейлөө чөйрөсүндөгү дүң чыгарылыш 387,7 млрд сомдун көлөмүндө түзүлдү жана реалдуу өсүү темпи 102,9% болду. 2016-жылы тышкы сооданын жүгүртүлүшү боюнча импорттун көлөмү 3919,1 млн долл. түзүп, 3,7%га төмөндөгөн. Экспорт 1544,6 млн. долл. түзүп, 5,1%га жогорулады. 2016-жылы соода-сатык балансынын дефицити 2015-жылга салыштырмалуу 8,6%га кыскарып, 2374,5 млн. АКШ долл. түздү.

Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 130,6 млрд сом түздү, 2015-жылга салыштырмалуу кирешелер 1,8%га же 2,3 млрд сомго өскөнүн баса белгиледи.

Буга карабастан биз салыктык төлөмдөрдү 2015-жылга салыштырмалуу 11,8 млрд сомго көп чогулттук. 2016-жылы республикалык бюджеттин чыгашалык бөлүгү 131,3 млрд сомго аткарылды, 2015-жылга салыштырмалуу 18,4 млрд сомго же 16,3%га жогорулады. 2016-жылы социалдык секторго кеткен республикалык бюджеттин чыгашаларынын салыштырма салмагы 53,5% же 73,1 млрд сомду түздү.Отчёттук мезгилде мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөп берүүгө республикалык бюджеттен 5,4 млрд сом жумшалды, бул 2015-жылга салыштырмалуу 10,3%га көптүк кылат.

 [su_carousel source="media: 92970,92985" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү