10

Февраль

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртуу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы бир катар көйгөйлөрдү белгиледи

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы бир катар көйгөйлөрдү белгиледи.

Өкмөт башчы белгилегендей, жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатында чечилбеген маселелер бар. 390 айылда таза суу маселеси чечилген эмес, мында көптөгөн суу түтүктөрү 10-15 жыл ичинде жараксыз болуп калууда.

«Учурда калктын 30% жакыны таза суу менен камсыздалбаган, анын ичинде айыл жашоочулары да бар.  Бүгүнкү күнгө республикабызда орун алган 450дөн ашык айыл аймагынын 16% гана өзүн-өзү бага алат, калган 84% дотацияда турат. Ал эми республика боюнча 390 айылга таптакыр ичүүчү суу курулмалары салынган эмес. Өкмөт эл аралык донорлордун жана инвесторлордун эсебинен салып берген суу курулмаларын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тийиштүү деңгээлде иштетилбей келүүдө. Бул жерден айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз  ишине жоопкерсиздик мамиле жасагандыгы көрүнүп турат.

2001-2014 жылдары Бүткүл Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкынын акча каражаттарына 533 айылда ичүүчү суу курулмары курулуп, ишке берилген болсо, бүгүнкү күнү 34 айылда дээрлик иштебей токтоп калган», -  деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, бул 34 айылга суу курулмаларын курууга жалпысынан 220,5 млн сом сарпталган.

«Долбоорчулар, подрядчы курулуш мекемелери тарабынан одоно каталар кетирилгендиктен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары тарабынан коррупциялык схемалардын айынан күтүлүүчү натыйжалар, ошондой эле Өкмөттүн алдыга коюлган максат-милдеттери аткарылбай калган. Мындай көрүнүштөрдөн улам, Азиялык өнүктүрүү банкы да калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызматташуудан баш тартып, акчалай каражаттарды бөлүп берүү жагын токтотуп койгон», — деген Премьер-министр жогорудагы айтылгандардын негизинде, Экономикалык кылмыштуулукка каршы  күрөшүү мамлекеттик агенттиги мындай кырдаалга алып келгендердин себептерин иликтеп чыгуусун, күнөөлүүлөрдү аныктап, аларга карата тийиштүү чараларды көрүүсүн жана тийиштүү чараларды көрүүсү тийиштигин кошумчалады.

Өкмөт башчы Буга байланыштуу Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдерге ар бир айылдагы ичүүчү суу курулмаларынын техникалык жактан сакталышына көзөмөлгө алуу милдетин койду.

Сооронбай Жээнбеков ичүүчү сууга болгон тарифтердин түзүү сапаты, аларды белгиленген тартипте бекитүү маселелери мыйзамдарга жооп берүүсү жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлдөнбөй жаткандыгын белгиледи. Суу берүүчүлөр тарабынан эсептелип чыгып, жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген тарифтердин наркы, көрсөтүлгөн кызматтын өздүк наркынан кыйла төмөн бойдон калууда. Көпчүлүк жергиликтүү кеңештер 1 метр/куб сууга жумшалган чыгымдардын болгону 20-30 пайызын гана бекитип беришип, ал эми калган 70-80 пайызын суу берүүчүлөрдүн эсебине жүктөп коюшууда.

Буга байланшытуу Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдер, жергиликтүү бийлик органдары аталган маселени 2017-жылдын 1-июнуна дейре чечүүсү тийиш.

Мындан тышкары, Премьер-министр “Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу боюнча экинчи фазасынын ачылышы белгисиз себептер менен кечиктирилип жаткандыгына токтолду. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, долбоордун биринчи фазасын даярдоо учурунда, даярдоочулар тарабынан инженердик чечимдерди кабыл алууда одоно катачылыктарга жол берилген.

«Техникалык-инженердик түзүмдөрүн курууга жана тиричилик калдыктарды жөнгө салууга  багытталган долбоордун аткаруучу агенттиги катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аныкталып калгандыгы түшүнүксүз. Менин оюмча, аткаруучу агенттиктин функциясын Курулуш агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү департаментине өткөрүлүп берилсе туура болот», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

[su_carousel source="media: 89768,89767" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү