19

Октябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Билим берүү өлкөнү өнүктүрүүнүн негизи булактарынын бири

Билим берүү өлкөнү өнүктүрүүнүн негизи булактарынын бири, - деди  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-октябрда, Нарын облусунун Нарын шаарында  Борбордук Азия университетинин кампусунун ачылыш салтанатында.

Өкмөт башчы иш чараны ачып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан  куттуктоосун окуп берди.

Ачылыш аземине Ханзаада Карим Ага Хан IV, анын үй-бүлөсү, билим берүү жанан илим министри Эльвира Сариева, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Ага Хан Фондунун Казакстан жана Тажикстандагы өкүлдөрү катышты.

Сооронбай Жээнбеков иш чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кайрылып, ошондой эл аралык макамга ээ болгон окуу жайдын ачылышы,  аймак үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү болуп саналарын билдирди.

«Билим - биздин өлкө үчүн – руханий муктаждык гана эмес, өнүгүүнүн негизги ресурстарынын бири. Ошондуктан билим чөйрөсүн өнүктүрүү  - Өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары бааланат. Тоодо жашайбы, шаарда турабы, калкыбыздын баары теӊ сапаттуу билимге, маданиятка жана саламаттыкты сактоого жетише ала турган шартты түзгөнгө аракет кылып жатабыз», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Ханзаада Карим Ага Хан IV мырзага жана  Ага Хан Өнүгүү уюмунун кызматкерлерине тереӊ ыраазылыгын айтып, БАУ ачылышы биргелешкен эффективдүү кызматташуунун далили экендигин билдирди.

Өкмөт башчысы келечекте жогорку окуу жай өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошкон жогорку квалификациялуу адистерди даярдап чыгарына үмүт артты.

Маалымдама: Борбордук Азия Университети дүйнөдөгү аймактарда көп эмес болгон, эл аралык уруксат кагазы бар,  студенттерге окуу маалында жашаганга мүмкүндүк берген,  алар үчүн тоо-кен тармагында изилдөөлөрдү өткөрүүгө олуттуу каражат бөлгөн жогорку окуу жайлардын бири.

Нарын шаарындагы БАУ окуу кампусунда биринчи этапта 150 окуу орунга эсептелген. 125 000 квадрат метр болгон имаратынын курулушу аяктаган соң, 1200 студент билим алууга шарт түзүлөт.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү