06

Февраль

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев менен эмгек мигранттар маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевди кабыл алды.

Медетбек Айдаралиев учурдагы иштер, ведомство алдындагы жакынкы пландар жана милдеттер, ички жана тышкы миграциянын негизги маселелери тууралуу айтып берди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу жана укугун коргоону башка тийиштүү министрлик жана ведомстволор, чет жердеги мекендештер диаспоралары менен биргеликте тыгыз иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.

Өкмөт башчы жарандарды Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган жактардын тизмесинен чыгаруу боюнча активдүү ишти улантууну тапшырды.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев белгилегендей, бүгүнкү күндө мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү, ведомство ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана атамекендик эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу максатында Миграция кызматынын иши тыкыр талдоого алынган. Ошондой эле бул багытта эмгек мигранттары, жакынкы чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспора өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрүлгөн.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө чет жерде эмгектенген мекендештердин негизги көйгөйү эмгек мигранттарынын укугу жана миграциялык мыйзам тууралуу маалыматынын жетишсиздиги болуп саналат.

Бул максатта Миграция кызматы тараптан эмгек мигранттарынын укугу жана абалы тууралуу тийиштүү маалыматты камтыган маалымдама түзүү үстүндө иш жүрүүдө.

Мындан тышкары, 2017-жылдын 10-мартына чейин «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортунда, темир жол жана унаа бекеттеринде «Миграция маселеси боюнча маалыматтык күркө» терминалы орнотулуп, анда чет мамлекетке чыгып бара жаткан мекендештер алар үчүн бардык керектүү маалыматтарды ала алышат. Анын катарында ЕАЭБ алакагындагы эмгек мигрнаттарынын абалы жана ички жана тышкы миграцияны жөнгө салуучу мыйзам базасы тууралуу маалыматтар да камтылат.

«Бүгүнкү күндө Россияда - 600 миңден ашуун эмгек мигранты, Казакстанда 110 миңден ашуун мекендештер иштейт. Ведомство тарабынан эмгек мигрантарынын чет өлкөдө жүрүү шартын жана алардын социалдык абалын жакшыртуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Ошондой эле белгилей кетсек, ЕАЭБ алкагында эмгек мигранттарын медициналык камсыздоо тутуму киргизилген, бул кыргызстанлдык мигранттардын ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү медициналык тейлөөгө карата жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет», - деп билдирди Медетбек Айдаралиев. Анын айтымында, кыргыз тарап ЕАЭБ алкагындагы эмгек мигранттарын пенсиялык камсыздоо боюнча мыйзам базасын өркүндөтүү боюнча ишти жыйынтыктады.

Миграция кызматынын төрагасы маалымдагандай, Кыргызстан жарандарын Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча иш жүрүүдө.

“Кара тизмеге” киргизилген 110 миң мекендешибиздин 43 миңи 2017-жылдын аралыгында тизмеден чыгарылмакчы.

[su_carousel source="media: 89560,89561,89562" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89138,89139,89140,89141,89142,89143,89144,89145,89146,89147,89148,89149"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү