20

Май

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ИКАО Кеңешинин Президенти Олумуива Бенард Алиу менен жарандык авиацияны өнүктүрүү маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков ИКАО Эл аралык жарандык авиация уюмунун Кеңешинин Президенти Олумуива Бенард Алиу менен жарандык авиацияны өнүктүрүү маселесин талкуулады.

Тараптар жарандык авиация системасын жакшырту жана ИАКО эл аралык стандарттарын Кыргызстанга киргизүү тууралуу  сүйлөштү.

Өкмөт башчысы өлкөдө жарандык авиацияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, жана Өкмөт бул багытта Транспорт жана жолдор министрлигинин алдына бир катар тапшырмаларды койгонун билдирди. учурда Өкмөттүн тапшырмасы менен Кыргызстандын жарандык авиациясын жакшыртуу максатында атайын жол карта иштелип чыкты.

Премьер-министр белгилегендей, учуу коопсуздугун камсыз кылуу  үчүн учурда жарандык авиация бардык тармактан ИКАО тарабынан көрсөтүлгөн эл аралык талаптарга жооп бере тургандай иш аракеттерди жүргүзүүдө.

ИКАО Кеңешинин Президенти Олумуива Бенард Алиу, ИАКОНнун жалпы мүчөлөрү 191 мамлекет экенин жана Кыргызстан уюмдун эң бир маанилүү мүчөлөрүнүн бири экендигин баса белгиледи.

Ал өзүнүн буга чейин Бишкек шаарында өткөн  «Кыргызстандын экономикасы үчүн аба транспортунун мааниси» атту жыйынга катышканын билдирди. Иш чаранын жүрүшүндө жарандык авиациянын экономиканын тармактарына тийгизген таасири жана анын айрым маселелерди чечүүдөгү маанилүүлүгү жана Кыргызстандын ЕС тыюу салынган тизмесинен чыгуу тууралуу маселелер талкууланган.

[su_carousel source="media: 95352,95353,95354" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтыкк амсыздоо бөлүмү