12
Май
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын алуу боюнча иштин начардыгынан улам тартипке чакыруу жаза чарасын жары
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын алуу боюнча иштин начардыгынан улам тартипке чакыруу жаза чарасын жарыялады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, бир катар мамлекеттик органдарынын жетекчилерине өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын алуу боюнча иштин начардыгынан улам тартипке чакыруу жаза чарасын жарыялады
Төмөнкү кызматкерлерге сөгүш жарыяланды:
- Өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Бороновго;
- Финансы министри – Адылбек Касымалиевге;
- Транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калиловго;
- Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамадовго;
- Жалал-Абад облусунун сузак районунун мамалекеттик администрация башчысы – акими Абдумуктар Маматовго;
- Өзгөн райондук Мамлекеттик администрация башчысынын – акимдин биринчи орун басары Алишер Бакыевге;
- Өзгөн райондук Мамлекеттик администрация башчысынын – акимдин орун басары Ибадат Мырзаибраимовага;
Эскертүү берилди:
- Саламаттык сактоо министри – Талантбек Батыралиевге;
- Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиевага;
- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакуновага;
- Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү – Таалайбек Сарыбашевге;
Мындан сырткары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна көрсөтүлгөн мыйзым тартибинде тапшырылды:
- «Мамлекеттик камсыздандыруу Уюму» ААК башкармалыгынын төрагасы Бакыт Жумашевди жана «Мамлекеттик камсыздандыруу Уюму» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Замирбек Мамбетовду ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
- «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевге эскертүү берүү.
Эскерте кетсек, буга чейин үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинен 3-майына чейин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен жаратылыш кырсыктары катталган Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон.
Өкмөт башчысы, табигый кырсыктар болгон жерлерди кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин текшерүүгө алды.
2017-жылдын 3-майында Ош шаарында өткөн селектордук жыйында Премьер-министр тарабынан Өкмөттүн Аппаратына, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана аны жоюуда аткарылбаган иш чаралар тууралуу 10 күндүк мөөнөттө кылдат иликтеп чыгып, тиешелүү сунуш берүү тапшырылган.
Жыйынтыгында бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине дисциплинардык айыгуу жарыяланып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аны жоюу боюнча кош көңүл мамиле жасоого жол берилбей турганы эскертилди.
[su_carousel source="media: 94535,94530" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93946,93887,93886,93885,93884,93883,93882,93881,93880,93879,93878,93877,93876,93875,93872,93871,93870,93869,93868,93867,93947,93972,93971,93970,93969,93968,93967,93965,93964,93963,93962,93961,93960,93959,93956,93955,93954,93953,93952,93950" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93945,93946,93947" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93826,93827,93828,93829,93830,93831,93832,93833,93834,93835,93836,93837,93838,93839,93840" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү