07
Август
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевге сөгүш жарыялады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевге сөгүш жарыяланды.
Сөгүш өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн жарыяланды.
Эске салсак, бүгүн Өкмөт башчы Кыргыз Республикасындагы жарандык авиацияны абалы жана келечекте өнүктүрүү маселеси боюнча кещешме өткөрүп, анда тийиштүү мамлекеттик органдардын анын ичинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин иши кескин сынга алынды.
Кеңешменин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине 10 күндүк мөөнөттө жарандык авиация тармагындагы кемчиликтерди жоюу жана авиажүргүнчүлөр менен түздөн-түз иштөөдө түзүмдүн ишин жакшыртууга багытталган сунуш берүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү