01
Октябрь
2016
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Жоомартбек Жумабековго сөгүш жарыялады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Жумабеков Жоомартбек Кожомуратовичке сөгүш жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү