14

Ноябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулаймановго сөгүш жарыялады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен 2016-жылдын октябрына карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча планды аткарбагандыгы үчүн  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Сулайманов Азамат Талапбековичке сөгүш берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү