12

Октябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго сөгүш жарыялады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы  Секимов Бактыбек Шайыкбековичке жүктөлгөн милдетти тийиштүү аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыяланды.

Тактап айтканда, «Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Маданият, искусство жана маалымат мекеме кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө маселеси жөнүндө» токтомун ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн тартиптик чара көрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү