02
Февраль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн облустардагы бир катар ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана акимдерине сөгүш жана эскертүү берди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда, буйрукка кол койду, ага ылайык коюлган милдеттерди так аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана мамлекеттик райондук администрация башчыларына– акимдерине эскертүү жана сөгүш берилди.
Белгилүү болгондой, мындай чечим 2017-жылдын 30-январында өткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында кабыл алынган.
Жыйында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери өздөрү тейлеген багыттары боюнча бир катар кызмат адамдарына сөгүш жана эскертүү берүү тууралуу сунуш киргизишкен.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан жүктөлгөн милдеттерди жана тапшырмаларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилди:
Акибаев Аскат Акибаевичке |
- |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Акматов Мамасалы Такабаевичке |
- |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун орун басары; |
Субакожоев Жакыпбек Мойдуновичке |
- |
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким; |
Халмурзаев Абиш Алыбаевичке |
- |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Абдрахманов Сайитбек Кутбаевичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Айдакеева Жаңыл Асановнага |
- |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Ахмедова Толгонай Жамашовнага | - | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин орун басары; |
Бекмуратов Баймурат Асатовичке | - | Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким; |
Борбукеева Рита Нурманбетовнага | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Джолдошева Тамара Рыспековнага | - | Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары; |
Жороева Мехринса Өсөровнага | - | Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары; |
Илиязова Токто Илиязовнага | - | Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары; |
Иманалиев Данир Белековичке | - | Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким; |
Исакова Гулбарчын Бейманжановнага | - | Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары; |
Мамасаидов Музаффар Тошалиевичке | - | Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары; |
Мурзаибраимова Ибадат Бекмаматовнага | - | Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары; |
Мырзаканов Кубан Нуржановичке |
- |
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Орозбеков Алымбек Асылбековичке | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Осмонов Бактыбек Арапбаевичке | - | Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары; |
Садыкова Элмира Аманатовнага | - | Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары; |
Сатымкулов Майорбек Асанкановичке | - | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким; |
Султангазиева Гулжамал Абалиевнага | - | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин орун басары; |
Сүйналиев Сартпай Жапаровичке | - | Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары; |
Табышов Кадырбек Райкановичке | - | Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин биринчи орун басары; |
Тажибаев Аттокур Тургунбаевичке | - | Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким; |
Толонгутова Нурия Ондурушовнага | - | Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары; |
Туйгунова Саадат Насирдиновнага | - | Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары. |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү