08

Февраль

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: ЭЭА негизги милдети чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат

Эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) негизги милдети чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-февралда, «Бишкек» Эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгү маселеси боюнча жумушчу кеңешмесинде.

Кеңешмеде өлкөнүн эркин экономикалык аймактарындагы, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдикке интеграциялануу алкагандагы бажы жана салык режимдерин пайдалануу маселелери талкууланды.

Премьер-министр белгилегендей, өлкө аймактарындагы ЭЭА дирекция жетекчиликтери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта аймактагы субъектилердин санын жогорулатуу жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча натыйжалуу иш алып баруусу зарыл.

«Бүгүнкү күндө көптөгөн чет элдик инвесторлор жергиликтүү рынокко кирүүгө жана өз ишин өлкөнүн эркин экономикалык аймактарында жүргүзүүгө кызыкдар. Биз жактан алар үчүн бардык тийиштүү шарттар түзүлүүсү тийиш», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана тийиштүү мамлекеттик органдар тараптан бардык колдоо көрсөтүлөөрүн кошумчалады.

Ал белгилегендей, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуунун алкагында атаандаштык күч алып, ишканалардын экономикалык мүмкүндүгүн кеңейтүү үчүн жаңы шарттар түзүлүүдө. Буга байланыштуу ЭЭА дирекция жетекчилигинин демилгелүүлүгү жана өз ишин ачык-айкын жүргүзүүсү маанилүү орунда турат.

«Сиздерде келечекте өнүгүү үчүн бардык шарттар жана мүмкүндүктөр бар. Сиздер эркин экономикалык аймактардын мүмкүндүгүн кеңейтүү боюнча иштин сапаттуу жана натыйжалуу үлгүсүн түзүүңүздөр зарыл», - деп билдирди Өкмөт башчы.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков пластикалык продукцияларды, жез профилдерди, жылытуучу каражаттарды, лампа жана батарея чыгарган «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын айланасында жайгашкан бир катар өндүрүш объекттери менен таанышып чыкты. Ошондой эле Өкмөт башчы «Бишкек» ЭЭА жайгашкан  импорт жана экспорт боюнча бажы жана салыктык жол жоболордун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык тутумунун иши менен таанышып,  «Бишкек» ЭЭА өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсүнө катышты.

«Бишкек» ЭЭА башкы диреткору Дүйшөн Ирсалиев эркин экономикалык аймакта дүйнөнүн 20дан ашык өлкөлөрдүн 382 айыл чарба субъекттеринин ишмердүүлүгү жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Субьектилердин 40%ы – 100% чет элдик катышууда, 25%ы – аралаш формада жана 35%ы 100% ата мекендик инвесторлордун катышуусу менен ишке ашууда.

Акыркы эки жылда мамлекеттик бюджетке  которулган сумманын көлөмү 1,5 млрд. сомду түздү.

«Бишкек» ЭЭАда 2016-жылы 17 жаңы субъект катталды, жакынкы эки жылда дагы кошумча 1000 жумуш оруну түзүлөрү пландалууда.

«2016-жылы 500 млн сомдой инвестиция келип, «Бишкек» ЭЭАда 5 млрд. 679 млн сомдук продукция өндүрүлгөн, анын ичинен 2 млрд сомдук товар экпорттолгон. Жакынкы жалдары биз инвестициянын көлөмүн 5 млрд сомго жеткирүүнү пландап жатабыз», - деди Дүйшөн Ирсалиев.

Ал белгилегендей, экпорттолгон продукциялардын негизги сатып алуучулары болуп ЕАЭБ өлкөлөрү, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр (Германия, Польша, АКШ, Өзбекстан, КЭР, Тажикстан, Латвия, Индия ж.б) мамлекеттер эсептелет.

[su_carousel source="media: 89706,89707,89708,89709,89710,89711,89712,89713,89714,89715,89716,89717,89718,89719" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү