25
Июнь
2016
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кадамжай шаарындагы табият кырсыгынан жабыркаган аймактарды көрдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Кадамжай шаарындагы табият кырсыгынан жабыркаган аймактарды көрдү.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековго ушул жылдын май айында Кадамжай аймагында болгон табият кырсыгынан кесепеттерин жоюу боюнча иштер аткарылып жатканын кабарлады.
Кубатбек Бороновдун маалыматында учурда, чыгымдын суммасы аныкталып, жабыркаган 12 объектте социалдык жана инфраструктуралык иштер жүрүп жатат. Табият кырсыгынан келтирилген зыяндын өлчөмү 128 млн 742 миң сомдон ашты.
Ошондой эле Өкмөт башчы Кадамжай шаарындагы 2011-жылы жер титирөөдөн жабыркагандарга курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулуш менен да таанышты. Жалпы 120 батирлик турак жайдын суммасы 93 млн 545 миң сомду түзөт.
Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаровдун маалыматында, курулуш иштери 2011-жылы башталып, кандайдыр бир себептерден улам токтоп калган. Учурда курулуш иштери кайра жанданып, иш өз нугунда уланууда, каражат жагынан эч кандай маселе жок.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков көп кабаттуу турак жайдын курулушу өз убагында бүткөрүлүп, бардык техникалык талаптарга жооп берген сапаттуу болушу зарылдыгын баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү