12

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарын модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда, Чүй облусундагы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү пункттарынын, тактап айтканда, «Токмок-автодорожный» жана «Кең-Булуң-автодорожный» пункттарынын курулушу жана реконструкцияланышынын жүрүшү менен таанышты.

Өкмөт башчы белгилегендей, ЕАЭБге кошулуу алкагында өлкөнүн инфраструктурасын өркүндөтүү Кыргызстандын өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары эсептелет. Анын айтымында, өткөрүү пункттары эл аралык стандарттарга жооп берип, модернизациялоо алкагында жарандардын жана транспорттук каражаттардын бир күндө өтүүчү агымын эске алуу менен өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылат.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов маалымдагандай, «Токмок-автодорожный» өткөрүү пунктундагы объектилердин капиталдык курулушу 2016-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда негизги курулуш жумуштары бүткөрүлгөн, объектти 2017-жылдын январь айында ишке берүү пландаштырылууда. «Токмок-автодорожный» пунктунун сметалык наркы 28 млн сомду түзөт, бүгүнкү күндө 18 млн сом өздөштүрүлгөн.

«Токмок-автодорожный» өткөрүү пунктун кыдырууда Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, өткөрүү пункттарын модернизациялоодо жарандардын мамлекеттик чек араны тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн тийиштүү шарттар каралышы керек, мамлекеттик чек арадан өтүүдө жарандардын чек ара кызматкерлери менен байланышын чектөө үчүн чек арадан өткөрүүнүн автоматташтырылган эсеп тутуму киргизилиши тийиш. Мында аталган өткөрүү пункттарына карата негизги талап – алардын ишинин ыкчамдыгы.

Андан соң Өкмөт башчы «Кең-Булуң-автодорожный» өткөрүү пунктуна барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Турдубек Мамбетов маалымдагандай, аталган объект 2017-жылдын март айында пайдаланууга берилет. Учурда курулуш ишине 10 млн сом жумшалган.

Аталган өткөрүү пункттарын модернизациялоо боюнча долбоорлордун аткаруучуларына башталган ишти сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо тапшырмасы коюлду.

Белгилесек, мындан мурда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ талаптарына ыңгайлашуу шартында чек ара инфраструктурасын жакшыртуу максатында кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү пункттарын, тактап айтканда, «Токмок-автодорожный», «Кең-Булуң-автодорожный» «Чалдыбар-автодорожный», «Актилек-автодорожный» пункттарын модернизациялоону тапшырган. Бул багытта республикалык бюджеттен 72 млн сом каралган.

[su_carousel source="media: 86669,86670,86671,86672,86673,86674,86675,86676,86677,86678,86680,86681"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү