25
Июнь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусундагы ветеринардык лабораторияларды реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарыны алкагында Ош аймактык ветерианардык диагностика борборунун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.
Өкмөт башчы белгилегендей аймактык ветеринардык жана фитосанитардык лабораториянын жардамы менен дыйкан-фермерлер өндүргөн продукцияларынын сапатына тийиштүү сертификат ала алышат жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарларын тоскоолдуксуз экспорттоого мүмкүнчүлүк болот.
Премьер-министр ветеринарных лабораторияны реконструкциялоого зарыл болгон каражаттар бөлүнүп берилгенин, мындан улам бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү баса белгиледи.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кирүүнүн алкагында 2017-жылга чейин карантиндик-фитосанитардык лабораторияларды ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирүү боюнча иш чараларды жүргүзүүсү керек.
Белгилесек, өткөн жумада Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков реконструкциялоо иштеринин 1-этабында аймактардагы карантиндик -фитосанитардык лабораторияларды жаңылоо жана жабдуулар менен камсыз кылуу, кызматкерлерди окутуу боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн. Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы Бишкек жана Ош шаарларындагы ветеринардык лабороторияларды реконструкциялоону тездетүү тапшырмасын берген. Аймактык 4 лабораториянын курулушу үчүн 37,3 млн сом талап кылынат. Аталган лабораториялардын курулушу өлкөдөгү тамак-аш продукцияларын, эл керектөөчү товарларды, айлана чөйрөнү коргоо жана үй жаныбарларынын эпизоотикалык кырдаал коопсуздугун камсыздайт.
Биринчи этаптын алкагында Талас жана Ысык Көл облустарындагы картантиндик-фитосанитардык лабораторияларды реконструкциялоо үчүн 26 млн сом керектелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү