15
Июнь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы ички жолдорду реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда, Чүй облусундагы ички жолдорду реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Өкмөт башчы Сокулук районундагы Романовка-Камышановка автожолунун участогун жана Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы «50 лет Киргизии» көчөсүндөгү жолдордун курулушун көрдү.
Транспорт жана жолдор минитсри Жамшитбек Калилов жалпы узундугу 34 км түзгөн Романовка–Камышановка автожолунун 14,3 км асфальт бетон менен калган 19,3 км гравий менен жабыларын билдирди.
«Романовка-Камышановка автожолу облус үчүн стратегиялык мааниге ээ. Жолду толук министрликтин карамагына өткөрүү маселеси чечилди. Курулуш иштери 2017-жылдын август айында бүткөрүлөт. Бардык керектүү техникалар жетиштүү. Аталган автожолдун курулушу облус ичиндеги транспорттук каттамды жеңилдетет», — деди транспорт министри.
Жамшитбек Калилов маалымдагандай, 2017-жылдын планы боюнча гравий менен жабыла турган орточо 15-30 км оңдоо иштерине 5300 миң сом бөлүнгөн. 0-5км участкасында үстүбүздөгү жылдын 6-июнуна карата жалпы суммасы 320 миң сомду түзгөн 406 квадрат метр асфальт төшөлдү. Калган участкадагы оңдоо иштери июндун аягына чейин бүткөрүлөт. Жолдун болжолдуу көлөмү 800 квадрат метрди түзүп, ага 580 миң сом сарпталат. Бул долбоорду аягына чыгаруу үчүн дагы 10000,0 миң сом керетелет.
Москва районунун Беловодск айылындагы «50-лет Киргизии» көчөсүндөгү курулуш иштерин көрүүдө Жамшитбек Калилов, аталган көчөнүн жалпы узундугу 2800 метр экенин билдирди. Мындан сырткары узундугу 200 метр болгон «Фрунзе» бурулуш жолу жа оңдоодон өтөт. Бул боюнча жалпы оңдоо иштерине 15,2 млн. сом каралган.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жол инфраструктурасын жакшыртууга жетишээрлик каражат бөлүнүп жатканын, Өкмөт стратегиялык ири жолдордун гана эмес, ички жолдорго асфальт төшөө иштерине да өзгөчө көңүл бурарын билдирди.
«Акыркы кезде аймактардагы ички жолдорго калк арасында наарызылыктар көп. Ушул жылы республикалык бюджеттен «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча райондун борборлорундагы ички жолдорду оңдоого 750 млн. сом каралган», — деди Сооронбай Жээнбеков. Ал жол курууда компаниялар менен келишим түзүүдө, анын сапатын мыкты бүткөрүү боюнча катуу талаптар коюлушу керектигин баса белгиледи.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрлигие жол курууда полимер-щебен асфальт бетон кошулмасы менен төшөлүүчү германиянын технологиясын колдонууну тапшырганын эске салды. Мындай ыкма жолдун бекемдигин 1,5 эсеге жогорулатып, аны ишке берүү мөнөтү 1,6 эсе тез болот. Аталган технология жогорку температурада жарака кетүүдөн сактап, Кыргызстандын ысык климатына ыңгайлуу ыкма болуп эсептелет.
[su_carousel source="media: 97158,97157,97156,97170,97171" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү