01

Июль

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Тогуз-Торо районундагы ички жолдорду тейлөө боюнча иштер менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда,  Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районундагы ички жолдордун абалы менен таанышты.

Өкмөт башчы эске салгандай, азыркы кезде республика боюнча жолдорду асфальттоо иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө каржылык жана техникалык бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Быйылкы жылы өлкөдөгү ички жолдорду ремонттоого жана курууга 750 млн сом бөлүнгөн. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей  бардык тийиштүү иштердин сапаттуу жүргүзүлүшү өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Премьер-министр Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл аймагындагы №18 (ДЭП) жол тейлөө  ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын  Транспорт жана жолдор министри  Жамшитбек Калилов маалымдагандай, аталган жол тейлөө  ишканасы 1967-жылы түзүлгөн. Мекеме облустук, республикалык жана эл  аралык масштабдагы жолдорду курууну тейлейт.

Азыркы учурда №18 жол тейлөө ишканасында  40 адам эмгектенет, зарыл болгон жол техникаларына ээ. Учурда мекеме райондогу Казарман-Акталчат, Жалал-Абад-Казарман сыяктуу ички жолдорду тейлейт.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Казарман айылындагы ички жолдорду оңдоо иштери менен да таанышты.

Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарында Сооронбай Жээнбеков Тогуз-Торо районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагындагы  Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан өзгөчө кооптуу участканы көрүп, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Транспорт жана жолдор министрлигине жакынкы аймактарда суу каптоонун алдын алуу үчүн жээктерди бекемдөө иштерин убагында жүргүзүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон жумуш сапарын улантууда. Бүгүн, 30-июнда  Нарын жана Жалал-Абад облустарында болот.

[su_carousel source="media: 98422,98421,98420,98419,98418,98417,98442,98443,98444" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 97752,97745" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү