08

Июнь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Ак-Тилек» өткөрүү пунктундагы онлайн режимде иштеген электрондук текшерүү борбордук түйүнүн ишке киргизүү долбоорунун ишке ашырылуусу менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июнда, «Кант-Чүй көпүрөсү» автожолундагы «Ак-Тилек» унааларды текшерип өткөрүү пунктундагы онлайн режимде иштеген электрондук текшерүү борбордук түйүнүн ишке киргизүү долбоорунун ишке ашырылуусу менен таанышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Өкмөт башчы адамдык факторду минималдаштыруу максатында жана оор жүк ташуучу унааларды өткөрүү пунктундагы ачыктыкты камсыз кылуу максатында онлайн режимде иштеген электрондук текшерүү борбордук түйүнүн ишке киргизүүнү тапшырган.

КР Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу автотранспорт агенттигинин директору Эмил Таштаналиев маалымдагандай, Премьер-министрдин тапшырмасын аткаруунун негизинде 2017-жылдын 25-майынан баштап аталган долбоорду ишке ашыруу башталды. Учурда 17 унаа текшерүү пунктунун 10 интернетке кошулуп, электрондук текшерүү жана борбордук түйүн тесттик режимде иштеп жатат. Калган пункттар этабы менен бирдиктүү борборлоштурулган онлайн режиминдеги серверге кошулат, азыркы тапта коммуникация иштери толук бүттү. Калган пунктарды онлайн режимине кошуу үчүн 2,5 млн сом каражат керектелет.

Ошондой эле онлайн режиминдеги электрондук башкаруу иши  көрсөтүлүп, учурда чоң жүк ташуучу унаалардын ээсинен ашыкча жүк үчүн айыптарды алуу маселесин бир нукка салуу иштери турганы айтылды.

Буга байланышту административдик нормаларды  жөнгө салуучу айрым нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилет.

Киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери мыйзам бузган автоунаа ээлерин кармап, унааларды толук айыптын суммасын төлөгөнгө чейин, унаа токтотуучу жайга кое алышат.

Премьер-министр аталган маселени чечүү жана аны каржылоону тездетүүнү тапшырды.

Белгиленгендей, автоунааларды таразага тартуу автоматтык түрдө КР Транспорт жана жолдор министрлигинин имаратында турган борбордук түйүндүн онлайн режимине кошулат.  Жыйынтыгында муктаж болгон учурда текшерүүнүн жыйынтыгын кагазга чыгарып андан ары текшерүү иштерин жүргүзүүгө болот. Муну менен адамдык факторду минималдаштыруу толук камсыздалат.

 [su_carousel source="media: 96585,96586,96587,96588" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү