21
Июнь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы суткалык жөнгө салуу бассейнинин абалы менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө суткалык жөнгө салуу бассейнинин абалы менен таанышты.
Кыргыз Республикасынын Айыл чаба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, Кемин районунун Совет айылындагы «Жылтыр» суткалык жөнгө салуу бассейни 1984-жылы курулуп, пайдаланууга тапшырылган жана Ильичевск айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилген. Ошондон тартып, бүгүнкү күнгө чейин тазалоо жүргүзүлгөн эмес.
Аталган суткалык жөнгө салуу бассейни реконструкциялоо менен кошумча 1000 гектар жерди суугаруу мүмкүнчүлүгү жаралат.
«Бүгүнкү күндө суткалык жөнгө салуу бассейнин пайдаланууга берүүдө олуттуу көйгөйлөр бар. Ал өзүнүн тосмо артынан суу топтоо милдетин аткарбайт. Башкача айтканда насоско келип түшкөн суу топтолбостон, сугат үчүн түз эле каналга түшөт. Суткалык жөнгө салуу бассейнин өз алдынча тазалоо үчүн жергиликтүү бийликтин каражаты жок, буга 2-2,5млн сомго жакын каражат талап кылынат», - деп билдирди департамент директору.
Өкмөт башчы аталган маселе чечилерин, зарыл каражат карала тургандыгын баса белгиледи.
Андан соң Премьер-министр Ак-Бешим айыл аймагынын Жаңы-Жол айылындагы суткалык жөнгө салуу суу бассейнинин абалы менен таанышты.
Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, аталган суткалык жөнгө салуу бассейни 1994-жылдан тартып дээрлик колдонулбайт. Аталган СЖБ дагы тазалоого муктаж. Бул максатта 30-35 млн сом каражат талап кылынат. Анын ишке киргизилиши менен кошумча 2 миң гектар жерди суугаруу мүмкүнчүлүгү жаралат.
Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, 2013-2017-жылдары Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында өлкөнүн ирригация тутумун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат. Ал тийиштүү мамлекеттик органдарга суткалык жөнгө салуу бассейндерин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине караштуу суу чарба жана мелиорация департаментинин карамагына өткөрүп берүү маселесин ыкчам тартипте чечүүнү, андан кийин гана тазалоо жана реконструкциялоо иштерин баштоону тапшырды.
Ошондой эле Премьер-министр буга чейин берилген Чүй облусундагы жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү тапшырмасынын ишке ашыруунун жүрүшүнөн маалымат алды.
[su_carousel source="media: 97622,97623,97624,97625,97626" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү