24

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош аймактык ветеринардык диагностика борборунун абалы менен таанышты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда, Ош облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын жүүрүшүндө Ош аймактык ветеринардык диагностика борборунун иши менен таанышты.

Белгилүү болгондой, Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр кызматына дайындалгандан тарта Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары ЕАЭБ талаптарына ыңгайлашуу шартында өлкөнүн инфраструктурасын, анын ичинде карантиндик фитосанитардык чараларды лабораториялык камсыздоо тутумун өркүндөтүүнү аныктаган. Аталган иштин алкагында жалпы республика боюнча ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча иштер башталган.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга караштуу Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун директору Мамарасул Тороев маалымдагандай, борборду реконструкциялоо иши дээрлик жыйынтыкталган.

Мекеме ар кыл татаалдыктагы лабораториялык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү жаңы технологиялар менен жабдылат.

Өкмөт башчы атамекендик ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл тутумун эл аралык стандарттарга дал келтирүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир ирет белгиледи.

«Жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин арттыруу үчүн биз күн сайын өз ишмердүүлүгүбүздө бардык тармактар боюнча тынымсыз иш алып баруубуз керек. Бүгүнкү күндө калкты экологиялык жактан таза азыктар менен камсыздап, айыл чарба продукциясын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоонун көлөмүн арттыруу Өкмөттүн биринчи кезектеги  милдеттеринин бири болуп саналат. Бул ветеринардык жана фитосанитардык текшерүү тутумун толук модернизациядан өткөргөндөн кийин гана мүмкүн болот», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр ошондой эле аталган тармактагы кадрдык мүмкүнчүлүктү көтөрүү зарылдыгына да токтолуп, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн тынымсыз окуу программаларын өткөрүп туруу керектигин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга көрсөтүлгөн мөөнөттө Ош аймактык ветеринардык диагностика борборун реконструкциялоону бүткөрүп, лабораториялык иликтөө иштерин баштоону тапшырды.

Эскерте кетсек, буга чейин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тамак-аш азыктарын, эл керектөөчү товарларды, айлана-чөйрөнү жана үй жаныбарларынын эпизоотикалык жагдайдагы коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өлкөдөгү ветеринардык лабораторияларды куруу жана модернизациялоо боюнча иштерди баскыч-баскычы менен жүргүзүүнү тапшырган.

Биринчи кезекте жалпы суммасы 37,3 млн. сомдук Ош жана Бишкек шаарларындагы ветеринардык лабораторияларды реконструкциялоо иштери бүткөрүлөт.

Экинчи кезекте 2017-жылы Талас, Баткен, Каракол жана Балыкчы шаарларында жаңы аймактык ветеринардык лабораторияларды куруу, аны менен катар республика боюнча 13 лабораторияны модернизациялоо иши жыйынтыкталат. Бул максатта республикалык бюджеттен 165 млн сом өлчөмүндөгү каражат каралган.

[su_carousel source="media: 87517,87518,87519,87520,87521,87522,87523,87524,87525,87526"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү