20

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы социалдык объектилердин абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда, Ысык-Көл облусуна жасаган жумушчу сапарынын жүрүшүндө Тоң районунун Кара-Шаар айылындагы спорттук залдын ачылыш салтанатына катышты.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы эскерткендей, республикалык бюджет мурдагыдай эле социалдык багытталган бойдон калууда. Бюджеттин 50% ашууну билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоого жумшалууда.

«Жыл сайын билим берүү тармагын каржылоо жогорулатылууда.  Кыргызстан бюджеттин көпчүлүк бөлүгүн билим берүү тармагына багыттаган өлкөлөрдүн катарына кирет. Акыркы кездери КР Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия, жаштар иштери жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин дарегине быйылкы жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадада начар даярдыктарга байланыштуу сыйлуу орундарды ээлей албаган спортсмендер боюнча сын-пикирлер айтылууда. Бирок биз бул көйгөйгө тереңирээк карообуз керек – аймактарда спорт менен машыгууга зарыл шарттар жок болууда. Буга байланыштуу Өкмөт аймактарда дене-тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө шарт түзүүгө, республиканын ар-бир айылында спорт залдарын курууга багытталган саясатты улантат. Биз келечекте спорттун мыкты чеберлери өсүп чыгаарына ишенебиз. Кыргызстандын келечек муунунун ден-соолугу чың болушуна умтулабыз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Спорттук залга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан спорттук инвентарь тапшырылды.

Т.Салыкбаев атындагы орто мектептин аймагындагы аталган спортук залдын курулушу 2015-жылы башталган, бул максатта республикалык бюджеттен 13,2 млн сом бөлүнгөн. Аталган спорт зал мектеп окуучулары жана жергиликтүү тургундар спорт менен машыгуусу үчүн каралган.

Андан соң Өкмөт башчы Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында Тоң районунун Кара-Коо айылындагы Р.Жангазиев атындагы орто мектептин курулушун көзөмөлдөдү.

Аталган эки кабаттуу билим берүү мекемесинин курулушу 2014-жылы башталган.  Долбордун жалпы сметалык наркы 49 млн сомду түзөт, республикалык бюджеттен 39 млн сом каралган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 22,5% аткарылып, 11 млн сом өздөштүрүлгөн.

Учурда Кара-Коо айылынын окуучулары эски имаратта билим алууда.

Курулуп жаткан объект менен таанышуу учурунда  Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго мектептин мугалимдери мектепти курууда мурда планда каралбаган актовый залды кошуп берүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү