01
Июль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Саймалуу-Таш» жаратылыш паркына жакын жердеги «Кылдоо» участкасындагы алтын кен казуу мүмкүнчүлүгү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Тогуз-Торо районундагы «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркына жакын жердеги «Кылдоо» участкасындагы алтын кен казуу мүмкүнчүлүгү менен таанышты.
Кылдоо кенинде алтын казуу муктаждыгы «Макмал» алтын кенинде кен байлыктардын кору түгөй баштагына байланыштуу келип чыккан. Кылдоо кениндеги алтындын кору болжол менен беш тоннага болжолдонууда. Аталган долбоорду ишке киргизүү менен райондо социалдык-экономикалык абал жакшырып, салык төлөмдөрү артып, 250 дөй кошумча жумуш орундары түзүлөт. Аталган практын жалпы аянты 32050 гектар, 2001-жылы уюшулган. Аталган паркта уникалдуу жаратылыш комплекси жайгашкан. Кугарт баракчалары жана тарыхый жана маданий баалуулуктарга ээ көп сандаган петроглифтер бар. Буга байланыштуу аталган участоктун жери «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагына кирет. Азыркы тапта алтын кенди иштетүүгө инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгү болбой жатат.
«Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркы менен таанышуу маалында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кенди ишке киргизүү маселесин чечүү үчүн бардык тиешелүү мамлекеттик органдар жана кызыккан тараптардын катышуусунда жыйын болорун билдирди.
Андан ары Өкмөт башчы Тогуз-Торо районундагы «Макмалалтын» ишканасына тийешелүү калдык сактоочу жайды көрүп чыкты.
«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков маалымдагандай, аталган кен 1986-жылы иштеп баштаган. Негизги участкасы «Макмал» кени – кен чыгаруу, автотранспорттук цех – кенди фабрикага ташып жеткирүү– кенди кайра иштетүү жана металды казып алуу болуп саналат. Кызматкерлердин саны 1000 адамды түзөт.
Келечекте «Макмал алтын» комбинатынын филиалынын өндүрүшүн өнүктүрүү «Макмал» кенин жер астындагы тереңдигин өздөштүрүү, кенди кайра иштетүү боюнча фабриканын алтын өндүрүү процессинин технологиясын жакшыртуу менен байланыштуу.
Алмаз Алимбековдун сөзүнө караганда, 2002-жылдан тартып, карьердеги запастын табылуусуна байланыштуу «Макмал» кенинин жер астындагы бөлүгүн иштетүүгө даярдыктар башталган. Пайдалануу кору жоготууларды жана коромжуларды эске алуу менен 1,6 млн. тонна, же 6,8 тонна алтынды түзөт.
«Бүгүнкү күндө аталган кенди пайдалануу мөөнөтүн узартуу боюнча тапшырмалар турат. Буга байланыштуу жаңы комбинатты куруу зарыл. Бүгүнкү күндө чет элдик инвесторлор менен активдүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө», – деп белгиледи ал.
Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы баса белгилегендей, «Макмалалтын» комбинатынын келечектеги ишмердүүлүгү төмөнкү катмардагы көлөмү 4,4 тонна геологиялык алтын запасы менен байланыштуу. 2017-жылдын 1-январында өндүрүлгөн товардын суммасы 224557,7 миң сомду түзгөн.
Алмаз Алимбеков 1986 -жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта пайдаланылган калдык сактоочу жай тууралуу маалымат берди. №3 жаңы калдык сактоочу жай 2015-жылдан тартып колдонулуп баштаган.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, инвесторлорду тартууда бардык иштер максималдуу ачык жана тең укуктуу шартта өткөрүлүшү керек.
[su_carousel source="media: 98457,98458,98459,98460,98461,98462" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 97752,97745" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү