05

Июль

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Кара-Балта-Бишкек» авто жол тилкесиндеги курулуштун жүрүшү жана «Чалдовар-автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июлда, жумушчу сапары менен Чүй облусуна барат.

Жумушчу сапарынын алкагында Өкмөт башчы «Кара-Балта -Бишкек» (42 километр) авто жол тилкесиндеги курулуш иштерин жүрүшү  жана Чүй облусунун Панфилов районундагы «Каинды-Кант» ААК ишмердүүлүгү менен таанышат.

Премьер-министр кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Чалдовар-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн көрүп чыгат.

Ошондой эле Премьер-министр жумушчу сапарынын алкагында Сосновка орто мектебинин, Жайыл районундагы орто мектептин жана Панфилов районунун Букара айылындагы Текеев орто мектебинин  курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Аны менен бирге Өкмөт башчы Кара-Балта шаарындагы айнек чыгаруучу ишкана  «Два союза» ААК барат жана Чүй облусундагы бир катар объектилердин абалы менен таанышат.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү