29
Апрель
Сооронбай Жээнбеков: Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдына айыл чарба продукциясын экспорттоого жол ачуу боюнча конкреттүү милдет коюлду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында 2015-жылкы Өкмөттүн аткарган иштери тууралуу отчеттук баяндамасында статистикалык маалыматтарды келтирди, ага ылайык, 2016-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча ИДП көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 4,9 % кыскарган.
«Кумтөрдү» эсепке албаганда, ИДП көлөмү 1 % жогорулаган. Алтын өндүрүү 2015-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге - 47,4 % кыскарган. Алтын өндүрүүнүн болжолдорун эске алсак, 2-кварталдын соңунда экономикалык көрсөткүчтөр 2015-жылдын деңгээлине чыгат, ал эми жыл соңунда ИДПнын болжол менен 5% өсүүсүн күтүүдөбүз» - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Өкмөт башчы белгилегендей, аталган болжолдорго жетишүү үчүн капиталдык салымдарды масштабдуу өздөштүрүү жана жаңы өндүрүш кубаттуулугун ишке киргизүү пландалууда.
«Товарларды экспорттоону алга жылдыруунун реалдуу кадамдары Өкмөттүн маанилүү милдеттери болуп калат. Ишкерликке административдик тоскоолдуктарды, текшерүүлөрдү кыскартуу, ошондой эле жагымдуу салык шарттарын түзүү аркылуу мындан аркы колдоо көрсөтүү чаралары улантылат», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт Кытай, Иран жана Түштүк-Чыгыш Азия экспорттук багыттары боюнча, анын ичинде республикадагы токтоп турган ишканалардын базасында биргелешкен өндүрүштү түзүү жаатындагы ишти улантат.
Премьер-министрдин айтымында, бардык мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөргө чыгуу үчүн жаңы сатык рынокторун жана келечектүү өнөктөштөрдү иликтөө максатындагы иштиктүү топтор уюштурулат.
Сооронбай Жээнбеков айыл чарбасы тууралуу белгилегендей, Өкмөттүн алдында айыл чарба продукциясын өндүрүүнү, экспортту жана импортту адмаштырууну жогорулатуу милдеттери турат.
«Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдына айыл чарба продукциясын экспорттоого жол ачуу боюнча конкреттүү милдет коюлду. Ошондой эле күнөсканаларды куруу, тамчылатып сугаруу технологиясын өнүктүрүү, мал чарба жана үрөн чарбачылыгын колдоого алуу үчүн жеткиликтүү насыяларды каржылоо иши улантылат. Ар-бир райондо агротехникалык тейлөө борборлорун түзүү каралууда, алар үчүн «Айыл банк» аркылуу техника лизингге берилет» - деп жыйынтыктады Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү