27
Апрель
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2017-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүшү 7,8%га чыкты
«2017-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүшү 7,8%га чыкты. Эсиңиздерде болсо, өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 6,4%га төмөндөгөн эле», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде, Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берүү учурунда.
Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн 2016-жылдагы башкы милдети – экономикалык өсүштүн динамикасын сактап калуу жана өлкөнүн өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттү максаттарына негиз түзүү болгон.
Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 458 млрд сомду түздү, ал эми реалдуу темптин өсүшү 103,8%, болжол 2,7% болгон.
“ИДПдагы дефлятор 102,5%дык деңгээлде түзүлдү. Экономикалык өсүш бардык секторлор боюнча камсыз болду. 2016-жылы инфляциянын орточо жылдык деңгээли 100,4%ды түздү, бул көрсөткүч ЕврАзЭС өлкөлөрүндө эң жакшы көрсөткүч болуп саналат”, - деп Сооронбай Жээнбеков белгиледи.
Өкмөт башчы тактагандай, 2016-жылы өнөр жай ишканалары жалпы 205,3 млрд сомго продукция өндүрүп, реалдуу өсүш 5,2%ды түзгөн. Былтыр 197,1 млрд сомго айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлүп, 3% өсүш болгон.
[su_carousel source="media: 93625,93629" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү