17
Март
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусундагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында Аксы окуясында курман болгондорду эскерди.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана Кыргыз Республикасынын Президенттинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков Аксы окуясы болгон жерге гүл чамбар коюп, 2002-жылы 17-мартта курман болгондордун арбагына багыштап куран окушту.
Гүл чамбар коюу иш чарасы 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында болгон трагедиялуу окуянын 15 жылдыгына карата өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү