06

Январь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз илимий гематология борборун жана Улуттук онкология борборун бириктирүү жөнүндө токтомго кол койду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборун кайра уюштуруу маселелери жөнүндө» токтомго кол койду.

Документке ылайык, Кыргызстандагы гематология кызматын оптимизациялоо максатында Кыргыз илимий гематология борборун жана Улуттук онкология борборун бириктирүү жолу аркылуу кайрадан уюштурууну жүргүзүү зарыл. Натыйжада, эки борборду бириктирүүдө административдик-башкаруу персоналын камсыздоого кеткен чыгымды кыскартууга, ал эми бошотулган каражаттарды түздөн-түз оорулууларды дарылоого багыттоого мүмкүндүк түзүлөт.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз илимий гематология борборунун кызматкерлеринин штаттык санынын натыйжалуулугун талдоо көрсөткөндөй, 2014-жылкы оорулуулардын саны боюнча, 1 врачтын орточо айлык жүктөмү болгону 10 адамды түзгөн, ал эми оорулуулардын нормативдик жүктөмү 18-20 оорулууну түзөт.

Кыргыз илимий гематология борборунун финансылык ишмердүүлүгүн талдоо көрсөткөндөй, 2014-жылы 2006-жылга салыштырмалуу персоналды кармоого кеткен чыгым 7,6 эсеге, же 13,2 млн. сомго жогорулаган, жалпы бюджеттеги персоналды кармоого кеткен чыгымдын үлүшү 40,7% дан 54,8%га жогорулаган. Кыргыз илимий гематология борборунун койкалык фонд ишинин натыйжалуулугун талдоодо аныкталгандай, фонд 88-90%га пайдаланылган.

Мындан тышкары, кадрлардын агылуу көйгөйү бар, борбордун имараты онкологиялык оорулууларга сапаттуу көмөк көрсөтүүгө ыңгайлашкан эмес, медицинадык жабдуулар жетишсиз, онкогематология бөлүмү химиялык терапия өткөрүү үчүн эл аралык стандарттарга жооп бербейт.

Буга байланыштуу эки борборду бириктирүү тууралуу чечим онкологиялык, онкогематологиялык ооруларды жана кан оорулары менен жабыркагандарга жогоку сапаттагы медициналык көмөк көрсөтүүдө ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борбору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз илимий гематология борборун жогоруда аталган борборго кошуу жолу менен кайрадан уюштурулат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борбору деп кайрадан аталат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борборунун Уставы тиркемеге ылайык бекитилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү