15

Ноябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин түзүмүн оптимизациялоо тууралуу токтомго кол койду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Токтомуна кол койду, ага ылайык министрликтин түзүмү оптимизацияланмакчы.

Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги №439-VI «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги деп кайрадан аталышын карайт.

Токтом аркылуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жаңы редакциядагы жобосу бекитилет, ага ылайык, өсүмдүктөрдүн карантини жана фитосанитардык көзөмөлдөө функциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан жаңыдан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине өткөрүлүп берилген.

Мындан тышкары, мал-жандыктардын генетикалык ресурсун, жайыт экосистемасын, балык чарбасын сактоо жана жакшыртуу жана өлкөнүн тамак-аш коопсуздугун камсыздоо үчүн аларды натыйжалуу пайдалануу максатында Мамлекеттик селекциялык асыл-тукум борборунун, Жайыт, мал өстүрүү жана балык чарба департаментинин базасында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал өстүрүү жана балык чарба департаменти түзүлөт.

Ошондой эле токтом аркылуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Сорт сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борборунун, Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясынын жана Данды экспертизалоо борборунун базасында бирдиктүү органды – Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департаментин түзүү каралган.

Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүү жана/же жүгүртүү боюнча мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо, этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу)  лицензиялоо, этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо боюнча функцияларды жана штаттык бирдиктер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине өткөрүлүп берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтомуна ылайык, кайрадан түзүлгөн мамлекеттик орган жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жоболордун, башкаруу схемалардын жана штаттык сандардын долбоорун тийиштүү тартипте киргизүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү