28
Декабрь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мектеп-интернаттардын тамак-ашына каралган каражатты көбөйтүү тууралуу токтомго кол койду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Социалдык тармактагы мекемелердин тамак менен камсыздоо боюнча акчалай ченемдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.
Белгилей кетсек, азыркы иштеп жаткан норма боюнча көркөм-өнөр мектеп-интернатындагы тарбиялануучуларга тамак-ашка каралган акчанын өлчөмү 2008-жылдын 1-январында бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталган. Азыркы кездеги тамактануу нормаларына дал келбегендиктен, азык-түлүккө болгон баанын, биринчи кезекте ун азыктарынын жасалган жана эт-сүт продукцияларынын кымбатташынан улам, жалпы билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын тамак-ашына болгон суроо-талапты камсыз кылуу максатында бөлүнгөн каражаттын суммасын көтөрүү муктаждыгы келип чыкты.
Документке ылайык Баткен, ОШ, Жалал-Абад, Ыссык-Көл облустарындагы жана Бишкек шаарындагы 398 көркөм-өнөр мектеп-интернатындагы тарбиялануучуларга тамак-ашка каралган акчанын өлчөмү 40 сомдон 110 сомго чейин көтөрүлдү.
Кошумча керектелүүчү чыгашалар республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү